Министр Бейшеналиев COVID-19дун мизи качан кайтарын айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСаламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Министр Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин эле коронавирустун эң курч учуру июнь-июль айларын туура келерин божомолдогонун айтты.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну эң бийик чегине жетти, 10-15 күндөн кийин анын мизи кайта баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги комитет жыйынында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
"Үч ай мурда эпидемиологиялык абалдын эң курч учурун июнь-июль айларына туура келет деп айткам. Менин оюмча биз эң жогорку чегине жеттик. Оору 10-15 күндөн кийин азая баштайт", — деди министр.
Акыркы жумаларда Кыргызстанда эпидемиологиялык абал өтө курчуп, күн сайын 1 миңден ашык кишиден вирус аныкталып жатат. Ошондой эле COVID-19 суткасына 10го чукул кишинин өмүрүн алууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0