Экзамен тапшырып жаткан абитуриенттер. Архив

Бүгүн колледждерге кабыл алуу башталды. Тапшыруунун жолу

68
(жаңыланган 14:04 12.07.2021)
Абитуриенттер онлайн режимде тапшыра алат, ошондой эле кээ бир адистиктерге  салттуу жана аралыктан кошумча сынактар өткөрүлүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өлкөдө бүгүн орто кесиптик билим берүү уюмдарына абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 2021-2022-окуу жылына 4 131 бюджеттик орун бөлүнгөн. Абитуриенттерди кабыл алуу жана документтерди тариздөө интернеттеги маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт. 

"Бул үчүн абитуриенттер мектепке же колледжге барып катталып, https/2020.edu.gov.kg/spuz сайтына кирүү үчүн логин жана сыр сөздү алышы зарыл. Андан кийин окуу жайды, адистикти тандашат. Кабыл алуу үч тур менен жүргүзүлөт. Ар биринде бүтүрүүчү бюджеттик же акы төлөп окуу үчүн бирден өтүнмөнү жөнөтө алат. Айрым адистиктерде салттуу жана онлайн тартипте кошумча сынактар өткөрүлүшү мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

Бүтүрүүчүлөр кенен маалыматты министрликтин сайтынан ала алат.

Кыргызстанда учурда 153 колледж иш алып барат, алардын 48и мамлекеттик деп билдиришти. Кадрларды даярдоо 130 адистик боюнча жүргүзүлөт. Учурда колледждерде 96 миң адам окуса, 7 300 окутуучулар эмгектенет.

68
Белгилер:
тапшыруу, документ, кабыл алуу, колледж, Кыргызстан
Тема боюнча
Министр: элдин 70 пайызы вакцина алганда мектептер кадимки тартипте окуй баштайт
Өлкөдөгү сегиз колледж 900 миң долларга техника менен камсыздалды. Сүрөт

Zoom аркылуу сыйынуудан тарта Жер-Үйдүн эриген алтынына чейин. Сүрөт түрмөк

5
  • Япониялык спортчу кыз Махина Маэда Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алдында машыгып жатат
  • Индонезияда мусулмандар Курман айт майрымында сыйынып жатышат
  • Президент Садыр Жапаров баш калаадагы соода борборлорунун биринде кытайдын Sinopharm дарысы менен коронавируска каршы эмдөө алды
  • Таластагы алтын-кен комбинатындагы химиялык-металлургиялык цехинде алтын куймасы алынды. Жер-Үй Кыргызстандагы алтындын көлөмү боюнча экинчи кен болуп саналат. Анда алтындын запасы 90 тоннаны түзөт, ал эми күмүш 25 тонна. Кенде бардык табигый ченемдерге жана стандарттарга шайкеш келе турган алдыңкы технологиялар жана жабдуулар пайдаланылат.
  • Стрижи учкучтар тобу МиГ-29 учактары менен Россиянын Москва облусундагы МАКС-2021 эл аралык авиация жана космостук салонунда программа тартуулап жаткан учуру
  • Стамбул полициясы Суручтагы террордук актынын жылдыгына арналган нааразычылык акциясындагы активисттерди кармап жатат
  • Якутияда РФтин Коргоо министрлигинин жана Россиянын географиялык коомунун аракети менен куткарылган ак аюу
  • Россиянын пляждагы волейбол оюну боюнча спортчусу Надежда Макрогузова Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Швейцария командасынын кыздары менен беттеш алдындагы машыгуу оюнунда
  • Гаитинин Кап-Аитьене аймагындагы базары
  • Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышындагы спортчулардын парадында атылган салют. Азем көрүүчүлөрсүз өттү. Мындай чечим коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам кабыл алынган. Аренада 950 киши турду. Ачылыш салтанатка 205 өлкөнүн жана качкындардын олимпиадалык командасынын спортчулары катышты.
  • Кыргызстан курама командасынын туу көтөргөн спортчулары пневматикалык мылтыктан ок атуу мелдешинин катышуучусу Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышында. Олимпиада-2020 мелдешине Кыргызстандан 16 спортчу ат салышат.
  • АКШнын Орегон штатындагы Грандвьюда учак токойдогу өрткө жалынды басаңдатуучу заттарды (оттун жайылышын басаңдатуучу атайын каражат менен суунун аралашмасы) чачып жатат
  • Кыргызстандык фехтование чебери Роман Петров Түштүк Кореянын өкүлү Сегеон Ма менен Токиодогу Олимпиада оюндарында таймашып жаткан учуру. Беттеште кыргызстандык спортчу 15:7 эсебинде утту.
  • Индиянын Ченнаи аймагындагы Марина пляжында кызматкер темирден жасалган скульптураны орнотуп жатат
  • Россиянын Новосибирск шаарынын Ленин районундагы Түштүк-Батыш конушунун аймагындагы жасалма көлдө аптапта кактанып жаткан кыз
  • Россиянын президенти, Жогорку кол башчы Владимир Путин РФнын Аскер-деңиз флотунун күнүнө карата боло турган Башкы аскер-деңиз парадынын алдында Фин булуңундагы кемелерди карап жаткан учуру
  • Таиланддын Ват Пхра Дхаммакая храмында Будда дининдегилердин күнүн белгилөө аземи учурунда адамдар Zoom тиркемеси аркылуу сыйынып жатканын экрандан көрсөтүп жатат
  • Индиянын Аллахабад аймагында көчө соодагери жаандан жашырынып жатат
  • Спортчулар Лена Хентшель менен Тина Пунцель Япониядагы Олимпиада оюндарында синхрондук сууга секирүү боюнча коло медаль алышты. Немис кыздар үч метрлик бийиктиктен секиришкен
  • Германиянын Бад-Мюнстерайфел аймагында суу каптоодон кийин үйүн тазалап жаткан киши.
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада болгон дүйнөдөгү эң кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.

Дүйнө мусулмандары Курман айт майрамын белгилешти. Москва облусунда МАКС-2021 эл аралык авиациялык-космостук салон ачылды. Стамбулда Суруч шаарындагы террордук актынын жылдыгына карата акцияга чыккандар кармалды.

Токиодо XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи өттү. Тарыхта алгачкы ирет ачылыш азем көрүүчүлөрсүз өттү. Аренада 950 гана киши катышты, алар расмий өкүлдөр жана журналисттер болду. АКШнын Орегон штатындагы Грандвью шаарында өрттөнгөн токойду авиациянын жардамы менен өчүрүп жатышат.

Президент Садыр Жапаров баш калаадагы соода борборлорунун биринде кытайдын Sinopharm дарысы менен коронавируска каршы эмдөө алды. Таиландда будда динин туткандардын күнү белгиленди. Коронавируска байланыштуу Ват Пхра Дхаммакая храмындагы адамдар Zoom тиркемеси аркылуу сыйынуу жөрөлгөсүн өткөрүштү.

Россиянын президенти, жогорку кол башчы Владимир Путин РФтин Аскер-деңиз флотунун күнүнө карата болуучу Башкы аскер-деңиз парадынын алдында Фин булуңундагы кемелерди карап чыкты.

Германияда Бренд (Bernd) циклону менен келген нөшөрдөн улам каптаган селдин кесепетин четтетип жатат.

Талас алтын комбинатынын химиялык-металлургиялык цехинде Жер-Үй кенинен чыккан алтындын алгачкы куймаларын алышты.

Кыргызстандан Олимпиада-2020 оюндарына 16 спортчу жолдомо алган. Токиодогу XXXII жайкы олимпиада оюндарынын расмий ачылышындагы парадда Кыргызстандын мамлекеттик туусун пневматикалык мылтыктан ок атуу боюнча мелдештин катышуучусу Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов көтөрүштү.

 

5
  • Япониялык спортчу кыз Махина Маэда Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алдында машыгып жатат
    © Sputnik / Григорий Сысоев

    Япониялык спортчу кыз Махина Маэда Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алдында машыгып жатат

  • Индонезияда мусулмандар Курман айт майрымында сыйынып жатышат
    © REUTERS / Antara Foto/Raisan Al Farisi

    Индонезияда мусулмандар Курман айт майрымында сыйынып жатышат

  • Президент Садыр Жапаров баш калаадагы соода борборлорунун биринде кытайдын Sinopharm дарысы менен коронавируска каршы эмдөө алды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

    Президент Садыр Жапаров баш калаадагы соода борборлорунун биринде кытайдын Sinopharm дарысы менен коронавируска каршы эмдөө алды

  • Таластагы алтын-кен комбинатындагы химиялык-металлургиялык цехинде алтын куймасы алынды. Жер-Үй Кыргызстандагы алтындын көлөмү боюнча экинчи кен болуп саналат. Анда алтындын запасы 90 тоннаны түзөт, ал эми күмүш 25 тонна. Кенде бардык табигый ченемдерге жана стандарттарга шайкеш келе турган алдыңкы технологиялар жана жабдуулар пайдаланылат.
    © Sputnik / Игорь Егоров

    Таластагы алтын-кен комбинатындагы химиялык-металлургиялык цехинде алтын куймасы алынды. Жер-Үй Кыргызстандагы алтындын көлөмү боюнча экинчи кен болуп саналат. Анда алтындын запасы 90 тоннаны түзөт, ал эми күмүш 25 тонна. Кенде бардык табигый ченемдерге жана стандарттарга шайкеш келе турган алдыңкы технологиялар жана жабдуулар пайдаланылат.

  • Стрижи учкучтар тобу МиГ-29 учактары менен Россиянын Москва облусундагы МАКС-2021 эл аралык авиация жана космостук салонунда программа тартуулап жаткан учуру
    © Sputnik / Алексей Майшев

    "Стрижи" учкучтар тобу МиГ-29 учактары менен Россиянын Москва облусундагы МАКС-2021 эл аралык авиация жана космостук салонунда программа тартуулап жаткан учуру

  • Стамбул полициясы Суручтагы террордук актынын жылдыгына арналган нааразычылык акциясындагы активисттерди кармап жатат
    © REUTERS / KEMAL ASLAN

    Стамбул полициясы Суручтагы террордук актынын жылдыгына арналган нааразычылык акциясындагы активисттерди кармап жатат

  • Якутияда РФтин Коргоо министрлигинин жана Россиянын географиялык коомунун аракети менен куткарылган ак аюу
    © Sputnik / Александр Вильф

    Якутияда РФтин Коргоо министрлигинин жана Россиянын географиялык коомунун аракети менен куткарылган ак аюу

  • Россиянын пляждагы волейбол оюну боюнча спортчусу Надежда Макрогузова Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Швейцария командасынын кыздары менен беттеш алдындагы машыгуу оюнунда
    © Sputnik / Владимир Песня

    Россиянын пляждагы волейбол оюну боюнча спортчусу Надежда Макрогузова Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарында Швейцария командасынын кыздары менен беттеш алдындагы машыгуу оюнунда

  • Гаитинин Кап-Аитьене аймагындагы базары
    © REUTERS / RICARDO ARDUENGO

    Гаитинин Кап-Аитьене аймагындагы базары

  • Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышындагы спортчулардын парадында атылган салют. Азем көрүүчүлөрсүз өттү. Мындай чечим коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам кабыл алынган. Аренада 950 киши турду. Ачылыш салтанатка 205 өлкөнүн жана качкындардын олимпиадалык командасынын спортчулары катышты.
    © Sputnik / Владимир Астапкович

    Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышындагы спортчулардын парадында атылган салют. Азем көрүүчүлөрсүз өттү. Мындай чечим коронавирустун жайылып кетүү коркунучунан улам кабыл алынган. Аренада 950 киши турду. Ачылыш салтанатка 205 өлкөнүн жана качкындардын олимпиадалык командасынын спортчулары катышты.

  • Кыргызстан курама командасынын туу көтөргөн спортчулары пневматикалык мылтыктан ок атуу мелдешинин катышуучусу Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышында. Олимпиада-2020 мелдешине Кыргызстандан 16 спортчу ат салышат.
    © Sputnik / Владимир Астапкович

    Кыргызстан курама командасынын туу көтөргөн спортчулары пневматикалык мылтыктан ок атуу мелдешинин катышуучусу Каныкей Кубанычбекова менен суучул Денис Петрашов Токиодогу XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышында. Олимпиада-2020 мелдешине Кыргызстандан 16 спортчу ат салышат.

  • АКШнын Орегон штатындагы Грандвьюда учак токойдогу өрткө жалынды басаңдатуучу заттарды (оттун жайылышын басаңдатуучу атайын каражат менен суунун аралашмасы) чачып жатат
    © AFP 2021 / Handout / Oregon Department of Forestry

    АКШнын Орегон штатындагы Грандвьюда учак токойдогу өрткө жалынды басаңдатуучу заттарды (оттун жайылышын басаңдатуучу атайын каражат менен суунун аралашмасы) чачып жатат

  • Кыргызстандык фехтование чебери Роман Петров Түштүк Кореянын өкүлү Сегеон Ма менен Токиодогу Олимпиада оюндарында таймашып жаткан учуру. Беттеште кыргызстандык спортчу 15:7 эсебинде утту.
    © REUTERS / MAXIM SHEMETOV

    Кыргызстандык фехтование чебери Роман Петров Түштүк Кореянын өкүлү Сегеон Ма менен Токиодогу Олимпиада оюндарында таймашып жаткан учуру. Беттеште кыргызстандык спортчу 15:7 эсебинде утту.

  • Индиянын Ченнаи аймагындагы Марина пляжында кызматкер темирден жасалган скульптураны орнотуп жатат
    © AFP 2021 / ARUN SANKAR

    Индиянын Ченнаи аймагындагы Марина пляжында кызматкер темирден жасалган скульптураны орнотуп жатат

  • Россиянын Новосибирск шаарынын Ленин районундагы Түштүк-Батыш конушунун аймагындагы жасалма көлдө аптапта кактанып жаткан кыз
    © Sputnik / Александр Кряжев

    Россиянын Новосибирск шаарынын Ленин районундагы Түштүк-Батыш конушунун аймагындагы жасалма көлдө аптапта кактанып жаткан кыз

  • Россиянын президенти, Жогорку кол башчы Владимир Путин РФнын Аскер-деңиз флотунун күнүнө карата боло турган Башкы аскер-деңиз парадынын алдында Фин булуңундагы кемелерди карап жаткан учуру
    © Sputnik / Алексей Никольский

    Россиянын президенти, Жогорку кол башчы Владимир Путин РФнын Аскер-деңиз флотунун күнүнө карата боло турган Башкы аскер-деңиз парадынын алдында Фин булуңундагы кемелерди карап жаткан учуру

  • Таиланддын Ват Пхра Дхаммакая храмында Будда дининдегилердин күнүн белгилөө аземи учурунда адамдар Zoom тиркемеси аркылуу сыйынып жатканын экрандан көрсөтүп жатат
    © REUTERS / CHALINEE THIRASUPA

    Таиланддын Ват Пхра Дхаммакая храмында Будда дининдегилердин күнүн белгилөө аземи учурунда адамдар Zoom тиркемеси аркылуу сыйынып жатканын экрандан көрсөтүп жатат

  • Индиянын Аллахабад аймагында көчө соодагери жаандан жашырынып жатат
    © AFP 2021 / SANJAY KANOJIA

    Индиянын Аллахабад аймагында көчө соодагери жаандан жашырынып жатат

  • Спортчулар Лена Хентшель менен Тина Пунцель Япониядагы Олимпиада оюндарында синхрондук сууга секирүү боюнча коло медаль алышты. Немис кыздар үч метрлик бийиктиктен секиришкен
    © REUTERS / KAI PFAFFENBACH

    Спортчулар Лена Хентшель менен Тина Пунцель Япониядагы Олимпиада оюндарында синхрондук сууга секирүү боюнча коло медаль алышты. Немис кыздар үч метрлик бийиктиктен секиришкен

  • Германиянын Бад-Мюнстерайфел аймагында суу каптоодон кийин үйүн тазалап жаткан киши.
    © REUTERS / Thilo Schmuelgen

    Германиянын Бад-Мюнстерайфел аймагында суу каптоодон кийин үйүн тазалап жаткан киши.

Белгилер:
апта, сүрөт, Дүйнө, маданият, коом
Тема боюнча
Туман арасынан суурулган сулуулар. Көлдөгү көчмөндөр модасынан 12 ирмем
Экс-премьер министр Өмүрбек Бабанов. Архив

Чет өлкөдөн дарыланат. Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү

36
(жаңыланган 18:17 27.07.2021)
Сотто Бабановдун абактагы мөөнөтүн узартуу боюнча маселени кароо учурунда медициналык документтер келип түшкөн.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Биринчи май райондук сотунун чечими менен камактагы саясатчы Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, сотто Бабановдун абактагы мөөнөтүн узартуу боюнча маселени кароо учурунда медициналык документтер келип түшкөн. Анда саясатчынын ден соолугунун начарлашына байланыштуу чет өлкөдөгү ооруканаларга барып дарылануу муктаждыгы бар экени көрсөтүлгөн.

"Буга байланыштуу 27-июлда Биринчи май райондук соту Бабановдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Ага чет өлкөдөн дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү максатында эркиндикке бошотулду", - деп айтылат маалыматта.

Бабанов 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кенин иштетүүдө коррупциялык иштерди жасаган деп айыпталып жатат. 2-июнь күнү Биринчи май райондук соту экс-премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

36
Белгилер:
кылмыш, коррупция, кен, Кумтөр, Өмүрбек Бабанов
Тема:
Өмүрбек Бабановдун камалышы
Тема боюнча
Сот Асылбек Жээнбековдун камактагы мөөнөтүн узартты. Видео