Кыргызстандыктардын көбү "Спутник V" вакцинасын күткөнүн айтышты

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүСтарт повторной вакцинации от COVID-19 в Санкт-Петербурге
Старт повторной вакцинации от COVID-19 в Санкт-Петербурге - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Бул күндөрү коронавируска каршы эмдөө жайлары бир гана медициналык мекемелерде эмес, соода борборлору, базарлар жана окуу жайларда дагы ачылды.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Көптөгөн кыргызстандыктар "Спутник V" вакцинасынын келишин күткөн. Бул туурасында Бишкек шаардык саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.
Адис бул боюнча коронавирустун үчүнчү толкунуна байланышкан онлайн-талкууда сүйлөп жатып айтты. Исмаилова белгилегендей, кечээ Бишкекте акция өтүп, анда 250 киши эмделген.
"Эмдөө талаптагыдай жүрбөй жатат. Эсиңиздерде болсо, эң башында (ред - эмдөө кампаниясынын) адамдар өтө этияттык менен байкоо салышкан. Кытайдын вакцинасы келген күндө да көпчүлүк "Спутник V" препаратын күтүшкөн. Россиялык вакцина келгенде 65 жаштан ашкандар жана өнөкөт оорусу барларга гана сайылары айтылган", — деди Исмаилова.
Эске салсак бул күндөрү коронавируска каршы эмдөө жайлары бир гана медициналык мекемелерде эмес, соода борборлору, базарлар жана окуу жайларда дагы ачылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0