Боом капчыгайы. Архив

Боомдогу автобус кырсыгы боюнча соттук экспертиза жүргүзүлөт

86
(жаңыланган 22:26 12.07.2021)
11-июлда Боом капчыгайында балдарды ташыган автобус кырсыктаган. Бул боюнча министрликтерге бир катар тапшырмалар берилген.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинде Боом капчыгайынын аймагында балдарды ташып келе жаткан автобустун кырсыктаганы боюнча жыйын өткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 11-июлда Бишкек — Торугарт жолунун 128-чакырымында үч автобус жана эки жеңил унаа кагышкан жол кырсыгы катталып, беш бала жана 28 жаштагы жүргүнчү жабыркаган.

Жыйынды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова өткөрүп, мамлекеттик органдарга эскертүү берген.

"Боом капчыгайындагы балдардын өмүрүнө коркунуч жараткан жол кырсыгы мамлекеттик органдардын чоң кемчилиги. Мындай учур кайра кайталанбашы керек. Ата-энелер балдарын лагерге жиберер алдында коопсуздугуна толук ишенгидей болушу шарт", — деген Бакашова.

Ал мамлекеттик органдар балдардын лагерь жана ден соолукту чыңдоо борборлорундагы эс алуусун сапаттуу уюштурууга көңүл бурушу керектигин айтып, анын ичинде тамак-ашына, гигиеналык талаптардын сакталып жатканына да көзөмөл жүргүзүшү керектигине токтолгон.

Жыйындын жыйынтыгы менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары төмөнкүдөй  тапшырмаларды берген:

  • ИИМ, ӨКМ, Билим берүү жана илим министрликтери балдарды эс алуу жайына жеткирүүдө коштоп баргандарды окутууну уюштурушу керек;
  • Юстиция министрлиги Боомдогу жол кырсыгы боюнча соттук экспертиза жүргүзүшү зарыл;
  • Транспорт министрлиги ИИМ менен биргеликте ташып-жеткирүүчү компанияларды текшерип чыгышы керек;
  • Саламаттык сактоо мнистрлиги жана министрлер кабинетинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү өзүн алдынча башкаруу органдары менен бирге балдардын лагердеги эс алуусун сапаттуу уюштурууга дайыма мониторинг кылып турушу шарт;
  • Саламаттык сактоо министрлиги кырсыктаган автобустун ичиндеги балдардын баарын медициналык кароодон өткөрүп, аларга жана жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүшү зарыл.
86
Белгилер:
Жылдыз Бакашова, Боом капчыгайы, автобус, жол кырсык, тапшырма, жыйын
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (120)
Тема боюнча
Боомдо балдарды ташып бараткан үч автобус жол кырсыгына кабылды. Видео
Үрөй учурат! Жалал-Абад милициясы жол кырсыктарынын видеосун топтоду
ӨКМ кызматкери өрт өчүрүү учурунда. Архив

Кеминде май куюучу жай өрттөнүп жатабы? Видео

22
(жаңыланган 00:46 03.08.2021)
Өрт боюнча азырынча ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болбой жатат. Видео социалдык тармакка жүктөлдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Чүй облусунун Кемин районунда ири өрт чыкты.

Видео "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, күйүүчү май куюучу жай өрттөнүп жатат.

ӨКМдин маалымат кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Бирок Чүй облусунун башкармалыгынын нөөмөт бөлүмү тастыктап, эки өрт өчүрүүчү бригада чыгып кеткенин билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, май куйган бекеттин жанында кичи автобус күйүп жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Кененирээк маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.

22
Белгилер:
Кемин, өрт, Күйүүчү май, май куюучу бекет, ӨКМ
Тема боюнча
Беловодское айылында кичи базардан өрт чыкты. Элди чуу түшүргөн видео

Аябай бактылуу болуп турам! Акаевдин сурактан чыккандан кийинки маеги видеодо

67
Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев Бишкекке 16 жылдан кийин кайтып келип, УКМКга сурак берди. Ал Кумтөр кенине байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөнүн алкагында чакырылган.

Мурдагы мамлекет башчы УКМК имаратынын ичинде суракта бир нече саат отуруп чыкты. Ал чыгып бара жатып журналисттердин суроолоруна да жооп берди.

Акаев билген маалыматтарын бөлүшүүгө жана мекенине келүүгө уруксат бергени үчүн Кыргызстандын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Ошондой эле тергөө иштери менен өлкөдө бир жума жүрүп кайра Москвага кетерин айтты. Ал эртең дагы сурак берүү үчүн УКМКга келет.

Акаев бүгүн мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаров менен жолукканын белгилеп, ага ыраазычылык айтты.

"Мен бүгүн өзүмдү абдан бактылуу сезип турам. Себеби 16 жылдан бери биринчи ирет Ата журтка, элибизге келип отурам. Кумтөр боюнча билгенимдин баарын айтып берип, өлкөгө жардам берем. УКМК төрагасына ыраазычылык билдирем, мени жакшы тосуп алып, көңүл буруу менен мамиле кылышты. Болгон чындыкты чын жүрөктөн айтуу үчүн келдим ", — деди мурдагы президент.

Буга чейин УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча бир катар аткаминер, депутаттар кармалды. Анын арасында экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов (кийин дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди) да бар.

67
Белгилер:
Аскар Акаев, кылмыш, Кумтөр, сурак, келүү
Тема боюнча
Аскар Акаев Кыргызстанга канча убакытка келгенин айтты
Аскар Акаев: Садыр Жапаров менен жолуктум, ага ыраазымын!