ибирь федералдык университетинин кампусу. Архив

Кыргызстандык абитуриенттер россиялык ЖОЖго түйшүксүз өтө алат

309
(жаңыланган 01:04 13.07.2021)
Кыргызстандык студенттер Сибирь федералдык университетине (СФУ) дистанциялык түрдө тапшыра алат. Ал Россиянын чыгыш тарабындагы эң ири окуу жай.

Окуйм деген далалаты болсо биринчи курстарды жакшы колдоого алышат. Бул документтерди тапшыруудан тарта жолго кеткен акчаны кайтарып берүү жана медициналык камсыздандырууну камтыйт. Бул туурасында аталган ЖОЖдун маалымат кызматынан кабарлашты.

Вид на кампусы Сибирского федерального университета (СФУ) в Красноярске
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета
Россиянын Красноярск аймагындагы Сибирь Федералдык Университети

Окууга өтүү оңой: ЖОЖдун эшиги дайыма ачык

СФУ өкүлдөрүнүн айтымына караганда, кирип жаткандагы сынактар менен документтерди онлайн тартибинде берсе болот: зарыл документтердин баарын сүрөткө тартып же сканерлеп жиберген жетиштүү.

ЖОЖдун Бишкек шаарындагы тармактар боюнча багыт берген борборунан адистиктерди тандоо боюнча кеп-кеңеш алса болот. СФУнун кызматкерлери сайттын стистемасында жеке кабинетти ачууга жана тиешелүү документти сканерлөөгө көмөктөшөт.

Руководитель Департамента международного сотрудничества СФУ Анна Мезит.
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета
СФУнун Эл аралык кызматташуу боюнча департаментинин жетекчиси Анна Мезит
"Учурда катталып, андан соң онлайн тартибинде документтерди жана экзамен тапшырууга болот. Абитуриент сынактан өтүү убактысын өзүнө ылайыктуу сааттарда тандап алат. Система саат 10:00дөн тарта атайын жүгүртмө менен ачык болот. Убакыт боюнча айырманы эске алып, балдарга түшүнүү менен мамиле жасап жатабыз. Башкысы ал шашпай, толкунданбай, болушунча ылайыктуу шартта экзамен тапшырып алышы керек", – деген СФУнун Эл аралык кызматташуу боюнча департаментинин жетекчиси Анна Мезит.

Университетте түз телефондор жана колдо көрсөтүү боюнча атайын чат иштейт. Анда абитуриенттерге ЖОЖго катталууга, зарыл болгон документтерди толтуруп, жиберүүгө көмөк көрсөтүлөт. Эгерде биринчи курстун студенти өзүнүн сайттын системасындагы жеке кабинетине кайсы бир маалыматты калтырууну унутуп калса, ага сөзсүз байланышка чыгышат. Россияга жиберер алдында абитуриентке ал жакка баруунун жол-жобосун, эрежелерин түшүндүрүп беришет.

Студентка четвертого курса Политехнического института СФУ Раида Токтоева на территории кампуса
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета
СФУнун Политехникалык институтунун IV курсунун студенти Раида Токтоева
"Негизинен документтер боюнча түйшүк болушу мүмкүн. Бирок мага бардыгын түшүндүрүп берген кураторду жиберишти. Ал миграциялык кагаздарды толтуруу, каттоого туруу, аны канча убакытта жасап берери, даяр болгондорун кантип алып кетүү туурасында майда-чүйдөсүнө чейин түшүндүрүп берди", – деди СФУнун Политехникалык институтунун IV курсунун студенти Раида Токтоева.

Кыргызстандыктар бюджеттик түрдө билим алууга россиялык студенттердей эле мүмкүкүнчүлүккө ээ болот. Ал эми акча төлөп окуган студенттер үчүн жеңилдик берген системалар каралган. Университеттен адам окугусу келген жакка тапшыруу керектигин жана окуу жай таланттуу студенттерге көмөк көрсөтүүгө дайым даяр экендигин айтышты.

Студент на территории кампуса Сибирского федерального университета (СФУ) в Красноярске
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета
СФУда кыргызстандыктар бюджеттик түрдө билим алууда россиялык студенттердей эле мүмкүнчүлүккө ээ болот.

Кантип келип, досторду кандай таап, камсыздандырууну кантип кылса болот

Стипендия мүмкүнчүлүгүнөн сырткары СФУга тапшырган кыргызстандыктарга ЖОЖдун өзүнүн ар кыл бонустары да каралган. Анын ичинде окуй турган жерге чейинки жол кирени (15 миң рубль) кайтарып берүү бар.

Студентка четвертого курса Политехнического института СФУ Раида Токтоева на территории кампуса
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета
Раида Токтоева: биринчи курста экинчи семестрден тарта жогорулатылган мамлекеттик стипендияны алып баштадым.
"Биринчи курста экинчи семестрден тарта жогорулатылган мамлекеттик стипендияны алып баштадым. Ал илимий изилдөөгө жана коомдук иштерге берилген 23 миң сом эле. Кийинчерээк коомдук ишке гана аралашып, 14 миң ала баштадым. Бул менин бир айлык эң зарыл деген чыгымдарымды жабат. Билгениме караганда, ар бир тармактагы ишмердүүлүк үчүн 10 миң рубль которулат. Бул илимий, коомдук, чыгармачыл жана спорт багыты болушу мүмкүн", – деп түшүндүрдү Токтоева.
Студенчески бульвар на территории кампуса Сибирского федерального университета (СФУ) в Красноярске
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета
СФУда билим алып жаткан жаштар алыс барып деле убара болушпайт. Окуу корпустарынан сырткары дарыкана, дүкөн, медициналык пункт жанында.

Мезит ата-энелердин баласын алыска жөнөтүп жатканда кабатыр болгонун түшүпү турганын айткан.

"Биз баласын үйүнөн алыс жиберип жаткан, биринчи курстун студенттеринин ата-энелерин жакшы түшүнөбүз. Кабатырланып, өзгөчө баласынын ден соолугун көп ойлошот. Андыктан, жакшы, толук кандуу полисти компенсация кылып беребиз, ага үнөмдөп кереги жок", – деди Мезит.

Девушка катается на самокате на территории кампуса Сибирского федерального университета (СФУ) в Красноярске
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета
СФУнун чет элдик студенттер менен өзүнчө департаменти бар. Алар адаптацияга өтө көңүл бурушат.

Чет элдик студенттер менен ЖОЖдун өзүнчө департаменти иштейт. Адаптацияга өтө көңүл бурушат.

"Эл аралык департаменттин түзүмүндө чет элдик студенттерди адаптация кылуу боюнча социалдык-маданий бөлүм иш алып барат. СФУда Элдердин достугу борбору иштейт, ал башка өлкөлөрдөн келген студенттердин союзу. Чет элдик бардык студенттер ачык жана тез достошуп кетишет. Жогорку курстагылар кийинкилерге активдүү жардам беришет. Жакында балдар аэропорттон өз өлкөсүнүн делегацияларын тосуп алышты", – деген Мезит.

Арт-объект на территории кампуса Сибирского федерального университета (СФУ) в Красноярске
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета
СФУда каалаган багытты тандап алып, студент өзүн көрсөтүп, мүмкүнчүлүгүн сынай алат. Маселен, сүрөтчү болгусу келсе, медиамектеп бар.

Биринчи курстагы чет элдик студенттер үчүн орус тилин үйрөткөн бекер курс бар. Андан сырткары, экскурсия, чыгармачылык жана башка багыттагы иш-чаралар алардын жаңы келген жерге көнүшүнө, жаңы досторду табуусуна жакшы жардамчы болот.

Ар бир институтта тарбия иштери боюнча директордун орун басары, ал эми ар бир жатаканада тьюторлор иш алып барат.

Вид на общежития на территории кампуса Сибирского федерального университета (СФУ) в Красноярске
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета
Бүгүнкү күндө Сибирь федералдык университетинде дүйнөнүн 42 мамлекетинен келген (КМШ, Жакынкы Чыгыш, Африка, Европа, Латын Америкасы, Азия) 1000ге чукул студент билим алууда.

Жашаган жай, инфраструктура жана бош убакыт

СФУнун студенттик шаарчасы экологиялык таза райондо жайгашкан.

"Университетте коридор жана батир тибиндеги жатакана бар. Чет элдик студенттердин көбү жаңы типтеги имараттарда экиден турушат. Окуу жайдын жатаканасында жашоонун баасы 1500 рубль", – деди Мезит.

Ал жай 11,5 миң студентке эсептелген. Бул жерден чет мамлекеттен жана чет жактагы шаарлардан келип окуган студенттердин бардыгына орун табылат.

Ресторан на территории кампуса Сибирского федерального университета (СФУ) в Красноярске
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета
Сибирь Федералдык Университети Россия мыкты 20 университетинин катарына кирет.

"Биринчи курста коридор тибиндеги жатаканада жашадым. Азыр эң жаңы делген имараттардын биринде турам, бирок мурдагы жайыма кайтып барууга каршы эмес элем. Себеби эскирээк болгону менен анда студенттик маанай дароо сезилет. Жаңы жерде алар менен сейрегирээк кездешесиң", – деген Токтоева.

Девушка во время пробежки на территории кампуса Сибирского федерального университета (СФУ) в Красноярске
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета
СФУдагы экскурсия, чыгармачылык жана башка багыттагы иш-чаралар алардын жаңы келген жерге көнүшүнө, жаңы досторду табуусуна жакшы жардамчы болот.

Билим алып жаткан жаштар алыс барып деле убара болушпайт, тагыраагы, дарыкана, дүкөн, медициналык пункт жанында. Бардык конференция менен иш-чаралар, майрамдар өткөн жай кол сунсаң жеткидей жерде. Бир нече бассейн, гольф талаасы, лыжа тепкен комплекс жана китепкана да өтө алыс эмес.

Стадион на территории кампуса Сибирского федерального университета (СФУ) в Красноярске
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета
Бир нече бассейн, гольф талаасы, лыжа тепкен жай - спорт комплекс өтө алыс эмес.

"Көптөрдүн ичинен СФУну тандап алганымдын себеби бул жерде жаштар үчүн жакшы нерселер бар. Каалаган багытыңды тандап алып, өзүңдү көрсөтүп, сынап көр. Сүрөтчү болгуң келеби? Медиамектепке кел. Алып баруучулукка кызыксаң, ал үчүн да атайын курстар иштейт. Кыскасы, бул жерде каалаган нерсеңе үйрөнсөң болот", – деп айтып берди Токтоева.

Ночной вид на территорию кампуса Сибирского федерального университета (СФУ) в Красноярске
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета
Сибирь Федералдык Университетинде кыргызстандык 140 студент билим алат.

Бүгүнкү университет

Бүгүн Сибирь федералдык университетинде дүйнөнүн 42 мамлекетинен келген (КМШ, Жакынкы Чыгыш, Африка, Европа, Латын Америкасы, Азия) 1000ге чукул студент билим алууда. Алардын ичинен 140 студент Кыргызстандан барган. Жыл сайын КМШ мамлекеттеринде билим берүү көргөзмөлөрү жана тестирлөө өтүп турат. Анда СФУ өкүлдөрү абитуриенттерди ЖОЖдун мүмкүнчүлүгү менен тааныштырат.

Флаговая аллея на территории кампуса Сибирского федерального университета (СФУ) в Красноярске
© Фото / Пресс-служба Сибирского Федерального Университета
Рейтинг боюнча иш алып барган Times Higher Education (THE) жана Quacquarelli Symonds (QS) агенттиктеринин версиясы боюнча, СФУ мыкты делген 1000 ЖОЖдун катарында турат.

Рейтинг боюнча иш алып барган Times Higher Education (THE) жана Quacquarelli Symonds (QS) агенттиктеринин версиясы боюнча, СФУ мыкты делген 1000 ЖОЖдун катарында турат. Физика жана инженердик-техникалык илимдер боюнча 801-орунда турат. Ал эми Россия ичинде мыкты 20 университеттин катарына кирет.

309
Белгилер:
Россия, абитуриент, Кыргызстан, студент
Тема боюнча
Элчилик: россиялык ЖОЖ кыргызстандык абитуриенттерге бюджеттик 20 орун бөлдү
Pfizer вакцинасы. Архив

Кыргызстанга күзүндө Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө

31
(жаңыланган 00:32 06.08.2021)
Өкмөттүн өкүлүнүн билдиришинче, Pfizer вакцинасынан тышкары, күзүндө кайтарымсыз түрдө Sinopharm препараты келиши күтүлүүдө. Ошондой эле Moderna вакцинасын колдонуу планы бар.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанга COVAX линиясы аркылуу коронавируска каршы Sinopharm жана Pfizer препараттары келиши мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

"Ушул жылдын сентябь айынын этегинде Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө берилери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасынын келишин күтүп жатабыз. 2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши мүмкүн", — деген Бакашова.

Анын айтымында, министрлер кабинети дипломатиялык каналдар аркылуу вакциналарды алуу боюнча иштерди улантууда.

31
Белгилер:
Кыргызстан, Министрлер кабинети, коронавирус, вакцина
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Дарыгер COVID-19дан айыккандар жана эмделгендер качан кан тапшырса болорун айтты
Окуучулар сентябрда кадимки тартипте окуйбу? Министрликтин жообу
Кыргызстанда жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив

Нурбек Изабеков: Айсулуу менен Париж Олимпиадасына даярданабыз деген ниет бар. Видео

516
(жаңыланган 00:31 06.08.2021)
Пресс-атташе машыктыруучу Нурбек Изабековдон Айсулуу Тыныбекова финалда анын айткан ыкмаларын ишке ашыра алган-албаганын да сураган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын Олимпиада оюндарындагы беттештери туурасында пикирин билдирди. Аны менен Кыргызстандын спорт делегациясынын пресс-атташеси Кабыл Макешов маектешти.

Нурбек Изабеков алгач жалпы кыргызстандыктарды Токио Олимпиадасында үч медаль алышы менен куттуктап, дем-күч берип колдогондору үчүн терең ыраазычылык айтты.

"Айсулуу алтын үчүн беттеште жеңилүүгө дуушар болду. Бул спорт, спортто, албетте, күчтүүлөр жеңет. Япониялык балбан жакшы даярдыкта келди, өзүнүн жеринде күрөштү. Айсулуу күмүш медаль алды. Кандай болгон күндө дагы биз үчүн чоң ийгилик, аны сезишибиз керек. Бул 2024-жылы Парижде боло турчу Олимпиадага ишенич берди. Спортчуларыбыз кийинки оюнда жогору тепкичке көтөрүлүп, бир нече алтын медаль ута алышат деп ишендирип айтып кете алам. Биз буга бүгүндөн тарта даярдыктарды көрүүдөбүз. Күмүш медаль болгондо же ыйлаарымды, же күлөрүмдү билбеген бир сезим калып калды, муну убакыт гана жеңет экен. Дагы деле өзүбүзгө келе элекпиз. Бир жумада калыбыбызга келип, анализдеп талдоо жүргүзөбүз", — деди спортчу кыздардын машыктыруучусу.

Пресс-атташе Кабыл Макешов Айсулуу Тыныбекова финалда кез келген Юкако Каваи менен Олимпиадага чейин үч ирет кармашып, бир ирет жеңилгенин белгилеп, машыктыруучудан спортчу финалда айткан ыкмаларын ишке ашыра алган-албаганын сурады.

"Бул ирет төртүнчү жолу беттешишти. Экөө бири-бирин жакшы билет. Айсулуу мен айткандын бардыгын жасаганга аракет кылды. Анткен менен бул спорт. Алты мүнөт күрөшүштү. Жалпы төрт беттеште тең өзүнүн койгон максаттарын аткарды. Бардык мүмкүнчүлүгүн, акыл-эсин, күч кубатын жумшады", — деди Изабеков.

Ошондой эле ал коло байге ээси Мээрим Жуманазарова менен бешинчи орунду алган Айпери Медет кызына өз баасын берип, Айсулуу менен Париж Олимпиадасына даярдык көрүү планы бар экенин айтты.

"Азыркы оюнга Рио Олимпиадасынан (2016-жыл) бери даярдык көрүп келе жатабыз. Кыздарыбыз жакшы даярданды. Айпери менен Мээрим 22 жашта. Психологиялык жактан Айпери кызыбыз кичине ишене албай калдыбы, жаштык кылды. Анткен менен медалга татыктуу болчу. Кудай буюрса, кийинки Олимпте Мээрим менен Айпери намыска жарайт деген ишенич бар. Айсулуу менен да Париж Олимпиадасына даярдык көрөбүз деген ниет бар", — деди башкы машыктыруучу.

Пресс-атташе Кабыл Макешов машыктыруучу Нурбек Изабековдон балбан кыздарды сүрөп атып үнү бүтүп калганын айтканда, "ар бирөө төрттөн беттеш өткөрдү. Жалпы 12 беттеш. Ар бир мелдештен кийин ушундай болот, бул көнүмүш адат. Бир жумада үнүбүз калыбына келет" деп жооп узатты.

Эске салсак, Токиодо болуп жаткан Олимпиада оюндарынан учурда Кыргызстан эки күмүш жана бир коло алды. Тагыраагы, 68 килограмм салмакта мелдешке чыккан Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын утуп, эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиада медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта күрөшүп экинчи орунду камсыздап, Олимпиаданын күмүш медалын тагынды. Финалдык айыгышкан кармашта япониялык Юкако Каваиге 4:3 эсебинде утулду. Тыныбекова тарыхта Олимпиаданын күмүш медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды.

Грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта ат салышып, Олимпиаданын күмүш медалын утту. Алтын байге үчүн финалдык беттеште ал венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринцке 2:1 эсебинде жеңишти алдырды.

516
Белгилер:
Токио, олимпиада, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, балбан
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Устат Изабеков Токиодо намыска жараган кыздарын канатына калкалап... Фотофакт
Эмоция кайнап, ыйлагым келип турат. Айсулуунун Токиодогу алгачкы билдирүүсү