Ооруканадагы дарыгер. Архив

Коронавирус жуктургандарды жаткыруу. Бишкек менен Чүйдөгү бош орундар

41
(жаңыланган 10:42 13.07.2021)
Өлкө боюнча бейтаптарды кабыл алган Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканада эки эле орун бар. Бирок башка ооруканалардын ичинде да вирус жуктургандар үчүн орундар камдалган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн ооруканаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн 15 ооруканада 235 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалымат бүгүн, 13-июль, саат 8:00гө карата айтылды.

  • Улуттук хирургия борбору — 1;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 2;
  • № 2 клиникалык төрөт үйү — 12;
  • № 1 шаардык клиникалык оорукана — 3;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 5;
  • Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 10;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 6;
  • Улуттук наркология борбору — 11;
  • Улуттук госпиталь: урологиялык корпус — 6;
  • Улуттук госпиталь: мобилдик госпиталь — 2;
  • Аскердик госпиталь — 4;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 56;
  • Улуттук госпиталь: нейрокорпус — 15;
  • Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи — 89;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 13.

Өткөн суткада 1 292 кишиден коронавирус табылып, 923 бейтап айыкты. Кечээтен бери өлкөдө 10 бейтап коронавирустун курмандыгы болду.

41
Белгилер:
бош орундар, оорукана, коронавирус, Чүй облусу, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2849)
Тема боюнча
1 292 кишиден COVID табылып, 10 бейтап көз жумду. Соңку статистика
Ош шаарына Sinopharm вакцинасынын 50 миң дозасы жеткирилди. Сүрөт

Нигматулин сүйүүсүнө жолуккан тасма. "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүүдөгү" ирмемдер

16
  • Башкы ролду аткарган Талгат Нигматулин менен Венера Ибрагимова
  • Кыргыз актёру Советбек Жумадылов жана казакстандык актриса Венера Ибрагимова
  • Актёр Талгат Нигматулин Мелис Убукеевден башка кыргыз режиссёрлорунун бир катар тасмаларында да роль жараткан
  • Белгилүү киноактёр Талгат Нигматулин менен актриса Таттыбүбү Турсунбаева Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында кинопроба маалында
  • Жайыл дасторкондо эс алган актёрлор, камераны шыкаалаган режиссёр
  • Балалуу боло албаган түгөйлөр. Ролдордо Талгат Нигматулин менен Светлана Норбаева
  • Сахнада роль аткарган театр актёрлору менен актриса
  • Кызды зордуктоого шектелип камалган башкы каарман
  • Камера артында турган оператор Константин Орозалиев менен режиссёр Мелис Убукеев
  • Киночулар фильм тартуу аянтчасы катары чыныгы түрмөнү колдонушкан
  • Камактан чыгып каралбай калган өз үйүнөн жакындарын издеген Назар Муратов (Талгат Нигматулин)
  • Убукеевдин ал эмгеги ошол эле жылы көрүүчүлөргө сунушталган
Мындан 40 жыл мурда белгилүү режиссёр Мелис Убукеев "Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү" тасмасын көрүүчүлөргө сунуштаган. Sputnik Кыргызстан агенттиги көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон мелодрамадагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Тасманын сценарийи Аркадий Ваксбергдин чыгармасынын негизинде жазылып, аны камерага Константин Орозалиев түшүргөн. Кинофильмде Борбор Азиядагы чакан бир шаардагы турмуш, театрдын артисти Назарды сүйүп калган Гулянын турмушу баяндалат. Бирок жаш кызды жакындары Эркин аттуу адамга турмушка берүүгө аракет кылат. Тойдун алдында Назар менен Гуля жакын болуп, кыздын боюна бүтүп калат. Туугандарынын кысымы менен Гуля зордукталганын айтып милицияга арыз жазып, Назар соттолуп кетет.

Убакыт өтүп Гуля уул төрөп, өзү сүйгөн камактагы Назарды эркиндикке чыгарууга аракет кылат. Бирок анын каалоосун бир дагы инстанция канааттандырбай коёт. Тасмада темир тор артындагы эркектин, баласы менен аны күткөн келиндин сезимдери, кусалыктан өзүн-өзүн атып өлтүргөн аялдын кайгылуу тагдыры көрсөтүлгөн.

Кинофильмде Талгат Нигматулин, Венера Ибрагимова, Советбек Жумадылов, Светлана Норбаева, Куман Тастанбеков, Ахмед Шамиев, Макиль Куланбаев, Лейла Бекназарова, Павел Винник, Тургун Бердалиев, Асанали Ашимов, Раиса Куркина, Наталья Аринбасарова образ жараткан.

"Кырчын өмүр, кыйылган сүйүү" фильминин аркасы менен башкы ролдорду аткарган Талгат Нигматулин менен казакстандык актриса Венера Ибрагимова жакшы мамиледе болуп баш кошуп, Линда аттуу кыздуу болушкан. Анда Нигматулин 33, Ибрагимова 19 жашта болгон.

 

 

16
  • Башкы ролду аткарган Талгат Нигматулин менен Венера Ибрагимова
    © Sputnik / Александр Федоров

    Башкы ролду аткарган Талгат Нигматулин менен Венера Ибрагимова

  • Кыргыз актёру Советбек Жумадылов жана казакстандык актриса Венера Ибрагимова
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кыргыз актёру Советбек Жумадылов жана казакстандык актриса Венера Ибрагимова

  • Актёр Талгат Нигматулин Мелис Убукеевден башка кыргыз режиссёрлорунун бир катар тасмаларында да роль жараткан

    Актёр Талгат Нигматулин Мелис Убукеевден башка кыргыз режиссёрлорунун бир катар тасмаларында да роль жараткан

  • Белгилүү киноактёр Талгат Нигматулин менен актриса Таттыбүбү Турсунбаева Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында кинопроба маалында
    © Фото / Александр Федоров

    Белгилүү киноактёр Талгат Нигматулин менен актриса Таттыбүбү Турсунбаева Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында кинопроба маалында

  • Жайыл дасторкондо эс алган актёрлор, камераны шыкаалаган режиссёр
    © Sputnik / Александр Федоров

    Жайыл дасторкондо эс алган актёрлор, камераны шыкаалаган режиссёр

  • Балалуу боло албаган түгөйлөр. Ролдордо Талгат Нигматулин менен Светлана Норбаева
    © Sputnik / Александр Федоров

    Балалуу боло албаган түгөйлөр. Ролдордо Талгат Нигматулин менен Светлана Норбаева

  • Сахнада роль аткарган театр актёрлору менен актриса
    © Sputnik / Александр Федоров

    Сахнада роль аткарган театр актёрлору менен актриса

  • Кызды зордуктоого шектелип камалган башкы каарман
    © Sputnik / Александр Федоров

    Кызды зордуктоого шектелип камалган башкы каарман

  • Камера артында турган оператор Константин Орозалиев менен режиссёр Мелис Убукеев
    © Sputnik / Александр Федоров

    Камера артында турган оператор Константин Орозалиев менен режиссёр Мелис Убукеев

  • Киночулар фильм тартуу аянтчасы катары чыныгы түрмөнү колдонушкан
    © Sputnik / Александр Федоров

    Киночулар фильм тартуу аянтчасы катары чыныгы түрмөнү колдонушкан

  • Камактан чыгып каралбай калган өз үйүнөн жакындарын издеген Назар Муратов (Талгат Нигматулин)
    © Sputnik / Александр Федоров

    Камактан чыгып каралбай калган өз үйүнөн жакындарын издеген Назар Муратов (Талгат Нигматулин)

  • Убукеевдин ал эмгеги ошол эле жылы көрүүчүлөргө сунушталган
    © Sputnik / Александр Федоров

    Убукеевдин ал эмгеги ошол эле жылы көрүүчүлөргө сунушталган

Белгилер:
Мелис Убукеев, Талгат Нигматулин, сүрөт, тасма, режиссер, Кыргызстан
Тема боюнча
Эротика жетишпей, дублер издешип... "Сүйүү закымдарынын" 14 ирмеми
Окуудан киного качкан Чоро. Актёр Думанаевдин чыгармачылыгындагы ирмемдер
Ар бир эпизоду "сүйлөп" турат. "Алтын күздөгү" кызыктуу ирмемдер
Абшыр-Ата шаркыратмасы. Архивдик сүрөт

Тарыхы табышмак, сырдуу жери көп. Ноокат району тууралуу кызыктуу фактылар

39
Бул райондун аталышы "Ноодогу кат" дегенден келип чыгышы мүмкүн, ага далилдүү фактылар да бар. Мындан 40 миң жыл мурда палеолит доорунда эле бул жерде жашоо болгон дешет.

Кыргызстандын кооз жерлерине саякаттап келүүнү кааласаңыз Ноокат районуна сөзсүз түрдө барыңыз деп айтар элек. Анткени бул аймакта сиз каалаган кооздук, уламыштарга бай ыйык жерлер, космоско алып бара турчу үңкүрлөр бар. Анан да даамдуу мөмө-жемиштери менен сизди жылуу тосуп алчу меймандос элди кезиктиресиз.

Sputnik Кыргызстан бул ирет Ош менен Баткенди бириктирип турган Ноокат району менен тааныштырат. Маалыматтар Жусуп Молдобаевдин "Ноокат Таалим-баян" китебинен алынды.

Район болуп калыптанганына 100 жылга чукулдады

Ноокат Кыргызстандын түштүк-батышындагы Ош облусунда жайгашкан, район катары 1928-жылы 24-декабрда уюшулган. Аянты 4,04 миң чарчы чакырым. Өзбекстан, Баткен облусу, Кара-Суу, Кадамжай, Алай жана Чоң Алай райондору менен чектешет. Калкынын саны 206 миңди түзүп, 15 айыл өкмөтүнө бөлүнөт. Райондо көмүр (Абшыр, Алмалык, Бешбур–Кан кендери) жана курулуш материалдарынын кени казылат. Климаты континенттик деп эсептелинип, жайы ысык, кургак болуп 24 градуска жетсе, кышында күндүн табы 2,6 градуста сакталып мелүүн суук болот, кар аз түшөт.

Алмасы менен таанымал, тамекисине Черчилль баа берген

Ноокаттын алмасы түштүк жергесинде брендге айланып, сатып алгандардын саны арбын. Ошондой эле картошкасы, дегеле жашылчасы, мөмө-жемиштери өзгөчө даамдуулугу менен айырмаланат. Андан тышкары, Ноокаттын брендге айланган тамекисин учурунда Англиянын премьер-министри Уинстон Черчилль да жогору баалаган экен. Сугатка кеңири пайдаланылган бир катар ири дарыялары бар. Алар: Кыргыз-Ата, Абшырсай, Ак-Буура, Кичи-Алай, Косчан, Шанкол, Чечме, Чилисай. Булардын катарын Найман суу сактагычы толуктайт. 

Продажа яблок в сельскохозяйственной ярмарке в Бишкеке
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер Алиев
Алма сатуу

Сырдуу жерлери

Кыргызда жети ыйык санга кирет. Эмнегедир Ноокат районунда да жети саны көп кездешет. Жети суусу, жети тоо (чоку) жана Кыргыз-Ата, Олуя-Ата, Абшыр-Ата, Кочкор-Ата, Камал-Ата, Таштар-Ата, Кызыр-Ата болуп жети "ата" курчап турат.

Бул аймак чын эле ыйык мекенби, айтор, ар кандай сырдуу жерлери менен таң калтырып келет. Анын бири Абшыр-Ата шаркыратмасы. Уламыштарга караганда, бул жерде мурун сүт агып турчу экен, адамдар таза колдонбогондуктан сууга айланып кеткен имиш. Андан тышкары, күн системасын изилдеген "обсерватория" деп аталган Чили-Сайы бар. Ал тууралуу алдыда сөз кылабыз. 

© Sputnik / Эмиль Садыров
Ажайып Кыргызстан: Абшыр-Ата шаркыратмасы

Ал эми Кара-Кой жайлоосу жадагалса кышында да жапжашыл болуп, кооздугу көз талытат. Таштарга курандын аяттары түшүрүлгөн Сааба мазары да кызыгууну жаратат. Бул жерге VII-VIII кылымдарда пайгамбардын маектештери – сахабалары, Абу Бакр Сыдыктын урпактары келип кеткени айтылып жүрөт. 

Вид на горы в заповеднике Кара-Кой Ноокатского района
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Кара-Кой жайлоосу

Мындай көрүнүштөрдөн улам Ноокат жергесине ислам дини тереңдеп киргенин аңдоого болот.

Ноокат деген ат кайдан келген?

Ноокаттын алгач "Долоно-Ой" деп аталгандыгы тууралуу маалыматтар бар. Анын себеби бул жакта мурун долоно көп өскөн, саздак жана түрдүү жырткычтар мекендеген жер болгон.

Башка вариантында, ноо — суу жүрүүчү түтүк. Ноокаттагы Чили-Сайдын кире беришинде ак мармар таштан тик кесилген узундугу 2,5 чакырым, туурасы 10-15 метр, бийиктиги 30-50 метр болгон таш ноо бар. Анын ичинде аалам сырлары катылган сүрөттөр тартылган дешет. Окумуштуу Лутфулла Жусупакматовдун айтымында, бул мурда жашап өткөн цивилизациядагы адамдардын бизге калтырган астрономия илими жөнүндөгү каты.

Мындай сырдуу байыркы обсерватория жер ааламды, галактиканы, айды, күндү, байыркы адамдардын жашоо мыйзамын, астрономиясын, бай мурасын, философиясын, календарын чагылдырган космосту изилдөөчү жер болгон. Демек, "Ноодогу кат" деген сөздөн келип чыгышы толук мүмкүн.

Анткен менен Ноокат деген аталыш "жаңы кат" дегенди түшүндүрөт деген да талаштар бар. Арабчадан "ноу" жана "кат" деген сөздөр "жаңы кат, жаңы жазуу" дегенди билдирген. Бул жерде ташка басылып, мүрзө бетине койгон балбал эстеликтерде араб жазуулары түшүрүлгөн. Ноокатта Мухаммед пайгамбардын сахабаларына байланыштуу Сааба-Мазар (Сахаба-Мазары дешет) жайгашкан. Ошол жерде аалымдардын сөөгү коюлуп, арабча жазылган таш эстеликтер бар деп айтылат.

Тарыхый фактылар

Чынгыз хандын бекзадалары Ноокат жергесинин жаратылышына кызыгып так курдурган.

Гулистан айыл аймагынын Кызыл-Сай кыштагында зындан бар. Бирок анын тарыхын эч ким билбейт.

Сааба-Мазардагы жазууларды биринчи орус окумуштуулары революцияга чейин эле көрүп, Ташкенттен чыккан журналдарга жарыялаган.

Археология сүйүүчүлөрү Түркстан кружогунун мүчөлөрү экспедиция жасап, Чили-Сай жазууларын кабарлашкан.

Ноокатта чыны чыгарган ири завод иштеген.

Ноокаттан Жакутбулбулсыргадай (алтын короз таажысы) табылган. Азыркы учурда бул баа жеткис тарыхый табылгалар Санкт-Петербургдагы Эрмитаж музейинде сакталуу.

Мындан 40 миң жыл мурда палеолит доорунда эле бул жерде жашоо болгон.

Алгачкы коло доорундагы байыркы Чуст маданиятынын издери Бөрү-Дөбөдөн археолог Юрий Заднепровский тарабынан 1981-жылы аныкталган. Ал бул жердеги көрүстөндөрдөн 48 адамдын табытын таап, көрүстөн ислам дини киргенге чейинки көчмөн элдерине тиешелүү деген тыянак чыгарган.

39
Белгилер:
тарых, үңкүр, жер, Ноокат
Тема боюнча
Ормон хан. Кененсарынын башын алып, Кокондун колун кыйраткан "Кызыл тебетей"
Таластагы Индия, Кочкордогу Тайвань... Жергиликтүүлөр атап алган айылдарга саякат

Күрмөсүн куюнга чечтирип жиберген футболчу. Боливияда тартылган видео

0
Боливияда футболдук беттеш башталар алдында күтүүсүздөн оюн талаасынын чаңын сапырган куюн башталып, оюнчулардын биринин күрмөсүн чечип кеткен.

Окуянын видеосун The Guardian өзүнүн YouTube-каналына жарыялады.

Окуя Ахокалла шаарында өтүп жаткан футболдук оюн учурунда болгон.

Кадрдан көрүнүп тургандай, командалар беттеш алдындагы саламдашуу маалында куюн күтүүсүздөн келген. Оюнчулар туш-тарапка качкан. Ага карабастан шамал спортчулардын биринин күрмөсүн жулуп кеткен.

Окуядан улам беттеш бир аз убакытка үзгүлтүккө учураган.

0
Белгилер:
видео, куюн, беттешүү, футбол, Боливия
Тема боюнча
Кинодогудай кооптуу! Стамбулдагы адам өмүрүн алган куюндун видеосу
Асманга кеткен жол сымал. Кытайдагы таңгалдырган куюндун видеосу