Балдар арасындагы COVID: өлкөдө 1 650 бала вирус жугузуп, алтоо көз жумду

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОоруканада баланы карап жаткан дарыгер. Архив
Ооруканада баланы карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Балдар арасында коронавирус жугузуп стационарга түшүп калгандардын саны Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда баарынан көп.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус башталгандан бери 1 650 бала вирус жугузуп, анын ичинен алтоо каза болгон. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.
Алар ооруну кандай абалда көтөрүшкөн:
  • канааттандырарлык — 58 пайыз;
  • орточо оор — 22,5 пайыз;
  • оор абалда — 17,5 пайыз;
  • өтө оор абалда — 2 пайыз.
Балдардын жаш курагы:
  • 1 жашка чейин – 263 (16 пайыз);
  • 1 жаштан 4 жашка чейин – 512 (31 пайыз);
  • 5 жаштан 15 жашка чейин – 685 (41,5 пайыз);
  • 16 жаштан 18 жашка чейин – 190 (11,5 пайыз).
Бүгүнкү брифинг учурунда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова балдар да чоңдор сыяктуу эле коронавируска кабылылып жатканын, бирок аз санда экенин айтты.
"Балдар COVID-19ду жеңил өткөрүшөт, алардын арасында симптомсуз жана оорунун жашыруун формаларын алып жүргөндөр бар. Мындай балдар ачык симптомдору менен ооруган чоңдорго караганда инфекцияны көбүрөөк алып жүрүшөт", — деди ал.
Балдар арасында коронавирус жугузуп стационарга түшүп калгандардын саны Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда баарынан көп.
  • Бишкек шаары – 573;
  • Чүй облусу – 267;
  • Ош облусу – 262;
  • Ысык-Көл облусу – 135;
  • Жалал-Абад облусу – 114;
  • Ош шаары – 109;
  • Нарын облусу – 98;
  • Баткен облусу – 73;
  • Талас облусу – 19.
Республикалык штабдан кошумчалашкандай, 2020-жылдын жаз айларында дүйнө жүзү боюнча ооруган балдардын саны жалпы статистиканын 0,8-2 пайызын түзсө, учурда вирус жугузуп алгандардын 11-14 пайызы жаш балдар болуп эсептелет.
Жаңылыктар түрмөгү
0