Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив

Аксыда сел алып каза болгон бүлө. Садыр Жапаров тапшырма берди

230
(жаңыланган 11:40 13.07.2021)
Жапаров селге жакындарын алдырып жибергендердин кайгысын бүткүл өлкө тең бөлүшөрүн айтып, жабыркагандардын тез арада айыгып кетишин каалаган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров кечээ Аксыда селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жабыр тарткандарга тез арада жардам көрсөтүү боюнча министрлер кабинетине тапшырма берди. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

Президент жакындарын жоготкон кыргызстандыктардын кайгысын бүткүл өлкө тең бөлүшөрүн айтып, жабырлангандардын тез арада айыгып кетишин каалаган.

"Жапаров министрлер кабинетине селдин кесепетин болушунча тез арада жоюп, жабыркагандага токтоосуз жардам көрсөтүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагындагы Мал-Калды жайлоосунда сел жүргөн. ӨКМ суу кишилерди агызып кеткенин, анын ичинен алтоонун сөөгү түнкү саат 23:40тар чамасында табылганын билдирген. Кийинчерээк райондук милициядагы ишенимдүү булактар табылган беш адамдын ичинен экөө аял, бирөө эркек жана бири жаш кыз экенин айткан.

Бүгүнкү маалыматтарда каза тапкандардын бардыгы бир үй-бүлө мүчөлөрү экени дайын болду.

230
Белгилер:
Кыргызстан, Жалал-Абад облусу, Аксы, сел, өлүм
Тема:
Адам өмүрүн алган Аксыдагы сел (12)
Тема боюнча
ӨКМ: Аксыда сел алып кеткендердин арасында 5 жаштагы бөбөк бар
Аксыда сел агызып кеткен эки бөбөк табыла элек. Издөөгө 100дөй адам тартылды

Кубанарымды же кайгырарымды билбей турам. Акжол менен Мээримдин видео маеги 

71
(жаңыланган 00:32 04.08.2021)
Олимпиаданын күмүш медалынын ээси, грек-рим күрөшчүсү Акжол Мухмудов менен эркин күрөш боюнча балбан, коло медаль утуп алган Мээрим Жуманазарова жеңиштен кийинки сезимдери менен бөлүштү.

Кыргызстандын спорт делегациясынын пресс-аташеси Кабыл Макешов спортчуларга суроо узатып, жооп алды.  

“Алтын медаль алабыз деп чоң аракеттер болгон. Финалдан утулуп калгандан кийин сезимдеримди өзүм дагы түшүнбөй турам. Бүгүн мага ишенип, сыртта туруп көргөндөр болуптур. Бирок ишеничиңерди актай алган жокмун. Анткен менен Айсулуу эже менен Мээримдин жеңишине абдан кубандым. Азыр мени куттуктагандар көп болууда. Бирок бул менин эле эмес, машыктыруучуларымдын, бүткүл кыргыз элимдин жеңиши”, — деди Махмудов.  

Ал эми Мээрим Жуманазарова бүгүн тогуз жылдык эмгегинин үзүрүн көрүп жатканын айтты.  

“Албетте, алтын алуу тилегим бар эле. Бирок колого дагы шүгүрчүлүк. Жеңишимди ата-энеме, агайларыма жана жалпы кыргыз элиме арнайм”, — деди Жуманазарова.  

Эске салсак, Токио шаарында өтүп жаткан Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшчүсү Акжол Махмудов күмүш медалга, эркин күрөш боюнча балбан Мээрим Жуманазарова коло медалга ээ болду.

71
Белгилер:
Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, видео, кайрылуу
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Көзүнө жаш алган ата. Жуманазарованын үй-бүлөсүнүн мелдешке күбө болгон видеосу
Көлгө келген Хабиб: эртең Олимпиадада алтын алышыңарга тилектешмин
UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов. Архив

Көлгө келген Хабиб: эртең Олимпиадада алтын алышыңарга тилектешмин

66
(жаңыланган 00:17 04.08.2021)
Ысык-Көлгө ММА боюнча турнирге конок катары келген Нурмагомедов бүгүнкү Олимпиада оюндарын көргөнүн айтып, кыргызстандыктарга ийгилик каалады.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Эртең Олимпиада оюндарында алтын медаль алышыңарга тилектешмин. Бул тууралуу UFC уюмунун экс-чемпиону Хабиб Нурмагомедов Чолпон-Атада өтүп жаткан Eagle Fighting Championship (EFC) турниринде сөз сүйлөп жатып билдирди.  

"Бүгүнкү Олимпиада оюндарын көрдүк. Тилекке каршы, утулуп калды (Акжол Махмудов, — ред.). Бирок күмүш менен коло да жакшы. Эми алтын да болот. Эртең алтын алышыңыздарды каалайм, тилектешмин", - деди Нурмагомедов. 

Белгилей кетсек, ушул тапта аралаш мушташ боюнча Eagle Fighting Championship (EFC) турнири өтүүдө. Анда Хабиб лиганын түптөөчүсү жана конок катары чакырылган. Эске салсак, Олимпиада оюндарында балбандар Акжол Махмудов күмүш алса, Мээрим Жуманазарова коло тагынды. Ал эми Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты, эртең алтын үчүн күрөшөт.

66
Белгилер:
Чолпон-Ата, Хабиб Нурмагомедов, Олимпиада-2020, медаль
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Сүйүнчү! Бусурманкул Абдибаит уулу Хабибдин лигасынын чемпиону болду. Сүрөт  
Олимпиада: эки балбандын жеңишинен кийин Кыргызстан 64-орунга чыкты
Алексей Федосеев Хабибдин турниринде атаандашын муунтуу ыкмасы менен жеңди. Сүрөт