Аксы районундагы сел жүргөн аймакта издөө иштери

Марипов: селден каза таап, жабыркагандардын жакындарына жардам берилет

87
Марипов ӨКМге кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өтүүнү жана зарыл учурда табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга кошумча куткаруучулар тобун тартууну тапшырды.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мамлекеттик органдарга Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы сел ташкынына байланыштуу өзгөчө кырдаалды жоюу боюнча ыкчам чараларды кабыл алууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Марипов жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюуга көмөк көрсөтүү үчүн тийиштүү күч жана каражатты тартуу зарыл экенин айтып, кырсык болгон аймакта санитардык-эпидемиологиялык чараларды аткарууну тапшырган.

"Ошондой эле мамлекет тараптан курман болгон жана жабыркаган жарандардын үй-бүлөсүнө бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинетинин төрагасы ӨКМге кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн режимине өтүүнү жана зарыл учурда табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга кошумча куткаруучулар тобун тартууну тапшырган.

Эске салсак, 12-июль күнү кечке маал Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Жолборсту айылында жана Жаңы-Жол айыл аймагындагы Малкалды жайлоосунда сел жүргөн. ӨКМ суу кишилерди агызып кеткенин, анын ичинен алтоонун сөөгү түнкү саат 23:40тар чамасында табылганын билдирген. Бүгүнкү маалыматтарда каза тапкандардын бардыгы бир үй-бүлө мүчөлөрү экени дайын болду.

87
Белгилер:
жардам, жабырлануучу, кырсык, сел, Улукбек Марипов, Аксы, Жалал-Абад облусу
Тема:
Адам өмүрүн алган Аксыдагы сел (12)
Тема боюнча
Аксыда сел алып каза болгон бүлө. Садыр Жапаров тапшырма берди
Аксыда сел агызып кеткен эки бөбөк табыла элек. Издөөгө 100дөй адам тартылды
Аксыда сел агызган жети адам бир үй-бүлөнүн мүчөсү болуп чыкты. Видео
Медициналык кызматкерлер лабораторияда. Архив

Министрлик AstraZeneca менен "Спутник Лайт" вакциналарын бир сыноону кубаттады

1
Сыноо иштерине 150 адам катышмакчы. Адистер жалпы бул долбоорду 2022-жылдын 2-мартында аяктоону көздөп турушат.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги AstraZeneca менен "Спутник Лайт" вакциналарын сынап, изилдөө иштерин бирге жүргүзүүнү кубаттады. Бул туурасында РИА Новости жазды.

COVID-19 инфекциясын алдын алып, профилактика жасоо максатында "гетерологиялык прайм-буст" схемасы менен сайылчу AZD1222 жана rAd26-S препараттарынын иммунногендик айкалышуусун, коопсуздугун аныктоо үчүн I/II фазаларда изилдөөлөр жасалары айтылган.

Жогорку маалыматтар клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча уруксат бере турган реестрде белгиленген.

Жасала турган тестке 150 адам катышмакчы. Аны 2022-жылдын 2-мартында аяктоону көздөп турушат.

Гамалея борбору, AstraZeneca, Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд жана "Р-Фарм" компаниясы 2020-жылдын 21-декабрында өз ара кызматташуу боюнча меморандумга кол койгон. Документ "Спутник V" жана AZD1222 (АstraZeneca жана Оксфорд университети биргелешип иштеп чыккан) препаратынын компоненттеринин бирин бириктирилген баа берүү үчүн клиникалык изилдөөлөрдү жасоо жана иштеп чыгуу үчүн кызматташууну шарттайт.

1
Белгилер:
вакцина, сыноо, 'Спутник Лайт' вакцинасы, AstraZeneca, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Эртең Бишкекке Казакстандын QazVac вакцинасы жеткирилет
Окумуштуулар: тамакты тоё жебеген адамдар COVID-19дун оор түрүнө чалдыгат
Казакстандын QazVac вакцинасыны. Архив

Эртең Бишкекке Казакстандын QazVac вакцинасы жеткирилет

22
(жаңыланган 18:54 27.07.2021)
Алымкадыр Бейшеналиев июнь айында өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы 50 миң дозада гумжардам катары алып келинерин, бул тууралуу элчи менен сүйлөшүүлөр болгонун айткан. Бирок коңшу өлкөнүн бийлиги бул маалыматты төгүндөгөн.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Эртең Кыргызстанга QazVac вакцинасынын 25 миң дозасы жеткирилет. Бул тууралуу Казакстандын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, гуманитардык жардамды коңшу өлкө "Акжол" көзөмөл пунктунан өткөрүп бермекчи. Иш-чарага КРдин саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев менен казак элчиси Рапиль Жошыбаев катышат.

Эске салсак, Бейшеналиев буга чейин өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы 50 миң дозада гумжардам катары алып келинерин, бул тууралуу элчи менен сүйлөшүүлөр болгонун айткан. Көп өтпөй коңшу өлкөнүн вице-премьери Ералы Тугжанов менен саламаттык сактоо министри Алексей Цой бул маалыматты төгүндөгөн.

22
Белгилер:
QazVac вакцинасы, гуманитардык жардам, вакцина, коронавирус, Казакстан, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Штаб: COVID менен ооругандар азайды, бирок кырдаал кыйын бойдон турат
Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот