Балдарды коронавирустан кантип сакташ керек. 5 кеңеш

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКолун самындап жууп жаткан бала. Архив
Колун самындап жууп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Кыргызстанда COVID-19 кичинекейлер арасында көп кездеше баштады. Медиктер баланы оорудан кантип коргош керек экендигин айтып беришти.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Кыргызстандагы республикалык штаб бөбөктөрдү инфекциядан кантип коргоо туурасында сунуштарды жарыялады.
Буга чейин Эне жана баланы коргоо боюнча борбордун жетекчиси Кыргызстанда COVID-19 менен балдар көп ооруй баштаганын айткан эле. Эгерде өткөн жылдын жаз айларында тумоологондордун арасында 0,8-2 пайызынан коронавирус деген статистика аныкталса, бул күндөрү көрсөткүч 11-14 пайызга жеткен.
Ата-энелерге, чоңдорго кичинекейлерди оорудан коргоо боюнча беш кеңеш сунушталды:
  1. пандемиянын күчөп турган маалында балдарды башкалар менен аралаштырбоо;
  2. үйдү көбүрөөк, жок дегенде бир күндө бир ирет желдетип, дезинфекция кылган каражаттар менен жууп чыгуу;
  3. коомдук жайларга же мекемелерге алып чыкпоо;
  4. балдарга бетин, колун көп кармалоого, колун оозуна салууга, көздөрүн колу менен сүртө берүүгө болбой турганын түшүндүргүлө. Себеби бул нерселер инфекцияны таратуучу кошумча себептер;
  5. баланы сейилдеп келгенден кийин, ажатканага баргандан кийин колун сөзсүз самындап жууганга үйрөтүү. Себеби кир колдор да инфекциянын булагы болушу мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0