Эркек адамдын колу. Архив

Бишкектеги гипермаркетте аялды бетке чапкан эркекке иш козголду. Видео

274
(жаңыланган 18:24 13.07.2021)
Социалдык тармактарда баш калаанын соода борборлорунун биринде эркек киши аялды бетке чапкан видео тарады. Жабырлануучу милицияга кайрылган.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Бишкектеги супермаркеттердин биринде эркектин аял кишиге кол көтөргөн окуясы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардагы Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда баш калаадагы ири дүкөндөрдүн биринде эркек киши аялды бетке чапкан видео тараган. Маалым болгондой, жапа чеккен айым эркек кишини банкоматтын жанынан жылып туруусун өтүнгөн. Буга ал киши агрессия көрсөткөн.

Окуя шаардын Түштүк магистралындагы "Глобус" гипермаркетинде болгон.

“12-июлда Октябрь райондук милициясына Д.Э. аттуу айым арыз менен кайрылып, аны бетке чапкан белгисиз кишинин аракетине карата чара көрүүнү өтүнгөн. Ал адам менен жабырлануучу айым түшкө маал Токомбаев көчөсүндөгү соода жайында кез келип, ортодо кайым айтышуу болгон. Мындан улам ал киши уят сөздөрдү айтып, аялдын денесине залал келтирген”, — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРдин Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 119-беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

274
Белгилер:
Бишкек, эркек, аял
Тема боюнча
КРде зордук-зомбулукка кабылган аялдар көбүнчө кайда кайрылат. Статистика
Чүйдө 34 жаштагы киши 73 жаштагы энесин өлтүрүүгө шектелип жатат
Көчөдө бараткан кыз. Архив

Милиция Бишкекте эки апта мурда жоголгон өспүрүм кызды тапты

27
(жаңыланган 23:56 30.07.2021)
16 жаштагы кыздын жоголуп кеткендиги боюнча милицияга анын апасы билдирген. Ал 17-июлда түнү жумуштан чыккан бойдон үйүнө келген эмес.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкекте эки апта мурда жоголгон Каролина Бааль аттуу өспүрүм кыз табылды. Бул тууралуу баш калаанын Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 27-июлда К.Н. аттуу бишкектик айым 16 жашар кызынын жоголгонун билдирип, аны табууга жардам сурап кайрылган.

Анын айтымында, кызы 17-июлда Сыдыгалиев көчөсүндөгү даректен жумушунан түнкү саат 00:00дө чыккан бойдон үйгө кайтып келген эмес.

Бул факты Ленин райондук милициясындагы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иши башталган.

"Бүгүн, 30-июлда, 19:00дөр чамасында Ленин райондук милициясынын жашы жете электер менен иш алып баруу инспекциясынын жана криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери Д. Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде ал кызды тапкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Тартип сакчылары жашы жете элек балдардын коопсуздугу үчүн алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

27
Белгилер:
Бишкек, өспүрүм, кыз, издөө, милиция
Тема боюнча
Баткен: милиция издеп жаткан өспүрүм бир туугандар табылды

Кыргызстан AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасын алды. Аэропорттогу видео

27
(жаңыланган 22:35 30.07.2021)
Кыргызстанга AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынын 226 миң дозасы жеткирилди. Бул COVAX глобалдык механизминин алкагында алып келинген биринчи партия.

Кыргызстандыктар үчүн мындан башка россиялык "Спутник V", кытайлык "Vero Cell" (Sinopharm) жана казакстандык "QazVac" жеткиликтүү.

Республикалык штабдын маалыматына караганда, AstraZeneca вакцинасы III фаза сыноосунун негизинде SARS-CoV-2 симптоматикалык инфекциясына каршы 70 пайызга эффективдүү жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан тастыкталган. Эмдөөдөн 18 жаштан жогорку курактагы адамдар өтө алышат. 1 жана 2-дозалардын ортосундагы аралык 4-12 жуманы түзөт.

COVAX - бул Вакциналар жана иммунизация боюнча дүйнөлүк альянс жана Эпидемияларга карата даярдыкты камсыздоо жаатындагы инновация боюнча коалициясы менен биргеликте ДССУ тарабынан чыгарылган эл аралык механизм.

Программа өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүнү колдойт жана сатып алууларды жүргүзөт. Анын шарттары боюнча, кирешеси жогору өлкөлөр башка мамлекеттерге жардам берүү максатында вакциналардын акчасын төлөшөт.

27
Белгилер:
Кыргызстан, AstraZeneca, вакцина, аэропорт
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасы алып келинди. Видео
Мэрия: 10 киши чогулса мобилдик топ барып вакцина сайып берет
Жол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив

Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

0
(жаңыланган 00:40 31.07.2021)
Жол кырсыгы кечке жуук катталган. Окуяда жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек. Милициянын Кайгуул кызматы толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Жеринен тартылган видеону “Короче” телеграмм-каналы чыгарды. 

Окуя кечке жуук болгон. Кызыл-кочкул түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа каршы тилкени бөлүп турган бетон тосмого урунган. Жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Видеодо көрүнүп тургандай, жеңил унаанын таш-талканы чыгып, жараксыз болуп калган.

Кырсык Боом капчыгайынын Ысык-Көл облусунун аймагында болгонун ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, толугураак маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

0
Белгилер:
жол кырсык, Боом капчыгайы, милиция
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көлдө минивен аласалып кетти. Жеринен тартылган видео