Кыргызстандын элчилиги Москвадагы массалык мушташ боюнча билдирүү таратты

© Sputnik / Алексейс СтефановсКыргызстандын Россиядагы элчилиги. Архив
Кыргызстандын Россиядагы элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Элчилик Кыргызстан жарандарына туруктуу негизде юридикалык жана консулдук жардам көрсөтүлүп жаткандыгын билдирди.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва шаарынын Химки районундагы белгисиз адамдар менен болгон чыр-чатактын натыйжасында жаракат алган кыргызстандык төрт киши боюнча маалымат таратты.
Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигрант ортосунда массалык мушташ болгонун көрсөткөн. РЕН-ТВнин маалыматында 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминка" метростанциясында массалык мушташ болгон.
"Учурда РФтин тиешелүү компетенттүү органдары тарабынан күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Элчилик Кыргызстан жарандарына туруктуу негизде юридикалык жана консулдук жардам көрсөтүп жатат. Эске сала кетүүчү жагдай, социалдык тармактарда таратылып жаткан улуттар аралык негиздеги чыр-чатактын келип чыгуусу жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт", — деп айтылган билдирүүдө.
Мындан улам элчилик кыргызстандыктарды чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуу болууга жана Россиянын мыйзамдарын бузбоого чакырган.
Жаңылыктар түрмөгү
0