Ноутбуката иштеп жаткан адам. Архив

Аралыктан иштөө Эмгек кодексине кирсе эмне өзгөрөт? Түшүндүрмө

1179
(жаңыланган 17:25 13.07.2021)
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аралыктан иштөө режимин Эмгек кодексине киргизүүнү демилгеледи.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда эмнелер көрсөтүлгөн? Эгер ал ишке ашып калса кимдер, кайсы учурда аралыктан иштейт жана ал айлык акы, иштөө графигине таасирин тийгизеби? Sputnik Кыргызстан агенттиги ушул жана башка суроолорго жооп алып, мыйзам долбоору тууралуу юристтин да пикирин билди.

Мыйзам долбоорунун максаты

Мыйзам долбоору азыркы кырдаалга жана бардык тармактын санариптешип жатканына байланыштуу кызматкерлердин үйдөн иштешин жөнгө салуу максатында сунушталууда. Анда жазылгандай, бул мыйзам кабыл алынса кызматкер үчүн үйүндө отуруп иштөөгө юридикалык мүмкүнчүлүк түзүлөт. Азыркы Эмгек кодексинде кызматкердин аралыктан иштөөсү тууралуу жазылган эмес.

Мыйзам долбоору кабыл алынып калса эмне өзгөрөт?

Аралыктан иштөөнү каалаган адис менен жумуш берүүчүнүн ортосунда эмгек келишими түзүлөт. Эмгек келишими электрондук форматта болуп, ага электрондук кол тамгалар коюлат.

Келишимде кызматкерге иш берүүчү тарабынан берилген жабдыктарды, программалык-техникалык каражатты, маалымат коргоо каражаттарын пайдалануу милдеттери тууралуу кошумча шарттар көрсөтүлөт. Башкача айтканда, адис аралыктан иштей турган болсо, жумуш берүүчү аны техникалык каражат менен камсыз калышы керек. Эгер адис аралыктан иштөөдө өзүнүн жабдууларын колдонсо, иш берүүчү ага компенсация төлөп берет. Анын өлчөмү жана тартиби макулдашуу боюнча белгиленери айтылган. Айта кетчү жагдай, компенсациянын өлчөмү жана тартиби мыйзам долбоорунда так жазылган эмес.

Айлык маяна кандай берилет?

Документте адис аралыктан иштесе деле жумушка барып иштегендей айлык акысы толук сакталат деп жазылган.

"Кандай шартта иштебесин жыйынтык көрсөтсө болду" деген норманы да колдонсо болот. Тактап айтканда, жумушчу кайда иштебесин кадимки тартипте иштеп жаткандай жыйынтык көрсөтсө айлык акысы кармалбай берилет. Ал эми өргүү, сый акылары түзүлгөн эмгек келишимине жараша төлөнөрү айтылган.

Мыйзам долбоорунда кайсы категориядагы адамдар жана кайсы тармактын өкүлдөрү (маселен, медик, милиция) аралыктан иштей алары так жазылган эмес. Документте өлкөдө өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал учурунда кызматкер аралыктан иштөөгө которулушу мүмкүн экендиги белгиленген. Бирок мында да кайсы тармактын өкүлдөрү аралыктан иштей алары так айтылган эмес. Өзгөчө абал же өзгөчө кырдаалда адис аралыктан иштөөгө убактылуу которулуп, кийин кадимки тартипке кайтып келгенде анын иш орду сакталышы керектиги жазылган.

Мыйзам долбоору боюнча юристтин пикири

Юридика илимдеринин кандидаты Артур Бакиров Эмгек кодексине сунушталып жаткан аралыктан иштөө боюнча мыйзам долбоору коомго керек экенин айтып, бирок ал чала бүтүп калганын белгилеген. Анын айтымында, мыйзам долбоору юридикалык жана техникалык жактан толуктоого муктаж.

Руководитель Ассоциации юридических клиник, кандидат юридических наук Артур Бакиров
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Юридика илимдеринин кандидаты Артур Бакиров

Биринчиден, мыйзам орус жана кыргыз тилинде эки башка жазылып калган. Экинчиден, сунушталып жаткан документ Россиянын 2013-жылы чыккан мыйзамынан көчүрүлгөн.

Юрист Кыргызстан менен Россияда жашоо-шарт эки башка экенин белгилеп, сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргызстандын шартына дал келбейт деп эсептейт.

"Менимче, бул мыйзам долбоорун өзүбүзгө ылайыктуу кылып кайрадан иштеп чыгуу керек. Азыркы сунуштап жаткан документти кабыл алуу мүмкүн эмес. Анда көп нерсе так жазылбай калган. Маселен, адис аралыктан иштей турган болсо, жумуш берүүчү техникалык каражат менен камсыз кылышы керек деп жазылып жүрөт. Ишкананын ар бир кызматкерди техникалык каражат менен камсыз кылууга дарамети жетеби, бузулуп калса ким жооптуу болот деген сыяктуу пунктулар көрсөтүлгөн эмес. Юридикалык жактан териштире келгенде мунун баары так болбосо ызы-чуусу көп болот. Документтин башында эле эмгек келишими электрондук форматта болуп, электрондук кол тамга тууралуу түшүнүк берилип жатат. Кыргызстанда электрондук кол тамга боюнча атайын мыйзам бар. Ага ылайык, электрондук кол тамга жөн эле берилбейт. Аны алуу үчүн паспорт менен барып, катталып акча төлөө керек. Анын акчасын ким төлөйт? Айтор, толуктай турчу жерлери өтө эле көп. Мындан тышкары, бул документте башка да мыйзамдын нормалары жазылып, аралашып калган", — деди Бакиров.

Мыйзам долбоорун сунуштап жаткан демилгечи Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Эмгек башкармалыгынын башкы адиси Айдай Аскарбекова бул азырынча жөн гана долбоор экенин айтып, толуктоого муктаж болгондуктан коомдук талкууга коюлганын кошумчалады. Мыйзам долбоору менен каалоочулар өкмөттүн сайтына кирип, "коомдук талкуу" деген бөлүмдөн таап, тааныша алат. Сунуш-пикирлерин да ошол жакка калтырса болот.

1179
Белгилер:
Эмгек кодекси, демилге, жумушчу, иш, документ
Тема боюнча
Карачалов: саатына эмгек акы төлөө жумуштун натыйжалуулугун арттырат
Аралыктан иштөөнү Эмгек кодексине киргизүү демилгеленди. Шарты кандай болот
Pfizer вакцинасы. Архив

Кыргызстанга күзүндө Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө

35
(жаңыланган 00:32 06.08.2021)
Өкмөттүн өкүлүнүн билдиришинче, Pfizer вакцинасынан тышкары, күзүндө кайтарымсыз түрдө Sinopharm препараты келиши күтүлүүдө. Ошондой эле Moderna вакцинасын колдонуу планы бар.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыргызстанга COVAX линиясы аркылуу коронавируска каршы Sinopharm жана Pfizer препараттары келиши мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова билдирди.

"Ушул жылдын сентябь айынын этегинде Кытайдын Sinopharm вакцинасы кайтарымсыз түрдө берилери күтүлүүдө, ошондой эле күздүн ортосунда Pfizer вакцинасынын 259 миң дозасынын келишин күтүп жатабыз. 2022-жылдын биринчи кварталында Дүйнөлүк банктын донордук колдоосунун линиясы менен Moderna вакцинасы келиши мүмкүн", — деген Бакашова.

Анын айтымында, министрлер кабинети дипломатиялык каналдар аркылуу вакциналарды алуу боюнча иштерди улантууда.

35
Белгилер:
Кыргызстан, Министрлер кабинети, коронавирус, вакцина
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Дарыгер COVID-19дан айыккандар жана эмделгендер качан кан тапшырса болорун айтты
Окуучулар сентябрда кадимки тартипте окуйбу? Министрликтин жообу
Кыргызстанда жарым миллиондон ашуун адам коронавируска каршы вакцина алды
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков жана балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив

Нурбек Изабеков: Айсулуу менен Париж Олимпиадасына даярданабыз деген ниет бар. Видео

702
(жаңыланган 00:31 06.08.2021)
Пресс-атташе машыктыруучу Нурбек Изабековдон Айсулуу Тыныбекова финалда анын айткан ыкмаларын ишке ашыра алган-албаганын да сураган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызынын Олимпиада оюндарындагы беттештери туурасында пикирин билдирди. Аны менен Кыргызстандын спорт делегациясынын пресс-атташеси Кабыл Макешов маектешти.

Нурбек Изабеков алгач жалпы кыргызстандыктарды Токио Олимпиадасында үч медаль алышы менен куттуктап, дем-күч берип колдогондору үчүн терең ыраазычылык айтты.

"Айсулуу алтын үчүн беттеште жеңилүүгө дуушар болду. Бул спорт, спортто, албетте, күчтүүлөр жеңет. Япониялык балбан жакшы даярдыкта келди, өзүнүн жеринде күрөштү. Айсулуу күмүш медаль алды. Кандай болгон күндө дагы биз үчүн чоң ийгилик, аны сезишибиз керек. Бул 2024-жылы Парижде боло турчу Олимпиадага ишенич берди. Спортчуларыбыз кийинки оюнда жогору тепкичке көтөрүлүп, бир нече алтын медаль ута алышат деп ишендирип айтып кете алам. Биз буга бүгүндөн тарта даярдыктарды көрүүдөбүз. Күмүш медаль болгондо же ыйлаарымды, же күлөрүмдү билбеген бир сезим калып калды, муну убакыт гана жеңет экен. Дагы деле өзүбүзгө келе элекпиз. Бир жумада калыбыбызга келип, анализдеп талдоо жүргүзөбүз", — деди спортчу кыздардын машыктыруучусу.

Пресс-атташе Кабыл Макешов Айсулуу Тыныбекова финалда кез келген Юкако Каваи менен Олимпиадага чейин үч ирет кармашып, бир ирет жеңилгенин белгилеп, машыктыруучудан спортчу финалда айткан ыкмаларын ишке ашыра алган-албаганын сурады.

"Бул ирет төртүнчү жолу беттешишти. Экөө бири-бирин жакшы билет. Айсулуу мен айткандын бардыгын жасаганга аракет кылды. Анткен менен бул спорт. Алты мүнөт күрөшүштү. Жалпы төрт беттеште тең өзүнүн койгон максаттарын аткарды. Бардык мүмкүнчүлүгүн, акыл-эсин, күч кубатын жумшады", — деди Изабеков.

Ошондой эле ал коло байге ээси Мээрим Жуманазарова менен бешинчи орунду алган Айпери Медет кызына өз баасын берип, Айсулуу менен Париж Олимпиадасына даярдык көрүү планы бар экенин айтты.

"Азыркы оюнга Рио Олимпиадасынан (2016-жыл) бери даярдык көрүп келе жатабыз. Кыздарыбыз жакшы даярданды. Айпери менен Мээрим 22 жашта. Психологиялык жактан Айпери кызыбыз кичине ишене албай калдыбы, жаштык кылды. Анткен менен медалга татыктуу болчу. Кудай буюрса, кийинки Олимпте Мээрим менен Айпери намыска жарайт деген ишенич бар. Айсулуу менен да Париж Олимпиадасына даярдык көрөбүз деген ниет бар", — деди башкы машыктыруучу.

Пресс-атташе Кабыл Макешов машыктыруучу Нурбек Изабековдон балбан кыздарды сүрөп атып үнү бүтүп калганын айтканда, "ар бирөө төрттөн беттеш өткөрдү. Жалпы 12 беттеш. Ар бир мелдештен кийин ушундай болот, бул көнүмүш адат. Бир жумада үнүбүз калыбына келет" деп жооп узатты.

Эске салсак, Токиодо болуп жаткан Олимпиада оюндарынан учурда Кыргызстан эки күмүш жана бир коло алды. Тагыраагы, 68 килограмм салмакта мелдешке чыккан Мээрим Жуманазарова Олимпиаданын коло медалын утуп, эгемен Кыргызстандын тарыхында Олимпиада медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды.

Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта күрөшүп экинчи орунду камсыздап, Олимпиаданын күмүш медалын тагынды. Финалдык айыгышкан кармашта япониялык Юкако Каваиге 4:3 эсебинде утулду. Тыныбекова тарыхта Олимпиаданын күмүш медалын тагынган алгачкы балбан кыз болуп калды.

Грек-рим күрөшүнүн чебери Акжол Махмудов 77 килограмм салмакта ат салышып, Олимпиаданын күмүш медалын утту. Алтын байге үчүн финалдык беттеште ал венгриялык тажрыйбалуу балбан Тамаш Лёринцке 2:1 эсебинде жеңишти алдырды.

702
Белгилер:
Токио, олимпиада, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, балбан
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Устат Изабеков Токиодо намыска жараган кыздарын канатына калкалап... Фотофакт
Эмоция кайнап, ыйлагым келип турат. Айсулуунун Токиодогу алгачкы билдирүүсү