Селден көз жумган төрт бала Аксыга жайкы эс алууга барган

© Фото / пресс-служба МЧСАксы районундагы сел жүргөн аймакта издөө иштери
Аксы районундагы сел жүргөн аймакта издөө иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Сел агызган сегиз адам бир үй-бүлө мүчөсү болсо, 5 жаштагы бала Жаңы-Жол айылынын тургуну. Аны сел суунун жээгинде ойноп жаткан маалында алып кеткен.
ОШ, 13-июл. – Sputnik. Аксы районунда сел агызган алты баланын төртөө бир туугандардын балдары болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине маркумдардын жакындары билдирди.
Алардын айтымында, төртөө сел агызып каза болгон 63 жаштагы Б.Ж. аттуу аялдын кызынын жана уулунун балдары. Анын ичинен 12 жаштагы кыз менен 7 жаштагы бала аялдын жээн неберелери эле. Жаратылыш кырсыгы алардын 40 жаштагы энесин да алып кеткен. Сел аялдын уулунун 16 жана 3 жаштагы кыздарын кошо агызган. Учурда 3 жаштагы наристенин сөөгү табылбай жатканы кошумчаланды.
Көз жумган үй-бүлөнүн туугандарынын айтымында, аялдын 40 жаштагы кызы үй-бүлөсү менен Бишкекте жашачу.
"Кырсык болгонго чейин ал эки баласын алып айылга жайкы эс алууга барган. Алардын артында 18 жаштагы уулу жана жолдошу калды. 16 жана 3 жаштагы бир тууган кыздар да чоң энесинин үйүнө Таш-Көмүр шаарынан жайкы эс алууга барган. Сел жүргөн маалда чоң эне төрт небереси жана кызы менен Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылындагы үйүндө болчу. Алар чатырда жашачу эмес, бул маалымат чындыкка дал келбейт", – дешти маркумдардын жакындары.
Селден көз жумгандардын сөөгү бүгүн, 13-июль күнү, саат 17:00дө Жолборсту айылында жерге берилди.
Аксы районундагы сел жүргөн аймакта издөө иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Бала суу жээгинде ойноп жаткан. Аксыда 8 адамды сел алган трагедиянын чоо-жайы
Эске салсак, кечээ, 12-июлда, Аксы районунун Жаңы-Жол менен Ак-Жол айыл аймактарын бириктирип турган Танды-Булак жайлоосунда катуу жаандан сел жүргөн. Сел Ак-Жол айыл аймагына караштуу Жолборсту айылынын жогору жагындагы Алты-Айры жайлоосундагы бир турак үйдү (жеңил конструкцияда салынган) жана анын ичиндеги жети адамды агызып кеткен. Мындан тышкары, Жаңы-Жол айыл аймагына караштуу Таштак айылында суунун жээгинде ойноп жаткан беш жаштагы баланы да агызган. Учурда 3 жана 5 жаштагы бөбөктөрдүн сөөгү табыла элек.
Жаңылыктар түрмөгү
0