Кыргыз-тажик чек арада турган Кыргызстандын жоокери. Архивдик сүрөт

Чек арага спецназ тарталы. Депутаттын сунушунан кийин төрага талкууну токтотту

209
(жаңыланган 11:59 14.07.2021)
Депутат жоокерлер тууралуу айткандан кийин төрага анын сөзүн бөлүп, этияттап сүйлөөгө чакырды. Натыйжада мыйзам долбоорун талкуулоо токтотулду.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Жогорку Кеңеште бүгүн чек ара боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөргө курал-жарак берип, ден соолугун камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Жыйында депутат Самат Исманов ыйгарым укуктуу өкүлдөргө маяна төлөгөндөн көрө атайын даярдыктагы жоокерлерди тартуу керектигин айтты.

"Кыргыз-тажик чек арасында ар дайым жаңжал, жоготуулар болуп жатат. Эмнеге сиздер жаңы жоокерлерди (атайын даярдыктагы жоокерлер — ред.) албайсыздар. 140 чек ара ыйгарым укуктуулардын эмне кереги бар сиздерге? Алар эмне иш кылат, түшүнбөй жатам, маалымат жеткирип туруу үчүнбү? Маалыматты өзүңөр агенттер аркылуу иштеп алсаңар болот да. Эмне иши үчүн аларга маяна төлөйсүңөр. Анда сиздердин ыкчам бөлүм каякты карайт?" — деди Исманов.

Ошол учурда төрага Талант Мамытов депутаттын сөзүн бөлүп, этияттап сүйлөөгө чакырды.

"Кээ бир маселелерди бир аз этияттасаңар. Анткени спецификасы бар. Суроону ылгап берсек, анткени бул өтө аялуу маселе. Чек ара баарыбыздын көйгөйүбүз, ынтымакта, жарандарыбызды коопсуздугун камсыздоо менен чечишибиз керек. Бүгүн ошондой аракеттер жасалып жатат", — деди төрага.

Андан соң Исманов, эң башкысы, ыйгарым укук өкүлдөрүнө курал бергенден кийин Чек ара кызматына алгылыктуу жардам бере турган болсо эле мыйзам долбоорун колдой турганын айтты.

Андан соң депутат Өмүрбек Бакиров бул мыйзам долбоорун жабык эшик артында кароону сунуштады.

Бир саамга созулган талкуудан кийин төрага депутаттарга кайрылып талкууну токтотуп, мыйзам долбоорун өткөрүп жиберүүгө чакырды.

Натыйжада депутаттар колдоп, суроо берилген жок.

Чек арачылар. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Чек ара боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөр эмне иш кылат?

Алар чек араны кайтаруу чөйрөсүндө мамлекеттик органдын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп саналат. Бул кызматка чек арага чектеш райондордо туруктуу негизде жашаган жана чарба иштери менен алектенген адамдар эмгек келишимдин негизинде алынат.

Чек ара ыйгарым укуктуулар барууга кыйын, алыскы жана начар корголгон тилкелерде мамлекеттик чек араны ыкчам коргоо жана чек арачыларга кызматтык-күжүрмөн тапшырмаларды аткарууда көмөктөшүү үчүн тартылат.

209
Белгилер:
Талант Мамытов, Самат Исманов, ыйгарым укуктуу өкүл, мыйзам долбоору, чек ара
Тема боюнча
УКМК: тажик тараптын кол салуусунан бир кыргызстандык аскер каза болду
УКМК: кыргыз-тажик чек арасында эки эл бири-бирин ташка алды
Көчөдө бараткан кыз. Архив

Милиция Бишкекте эки апта мурда жоголгон өспүрүм кызды тапты

13
(жаңыланган 23:56 30.07.2021)
16 жаштагы кыздын жоголуп кеткендиги боюнча милицияга анын апасы билдирген. Ал 17-июлда түнү жумуштан чыккан бойдон үйүнө келген эмес.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкекте эки апта мурда жоголгон Каролина Бааль аттуу өспүрүм кыз табылды. Бул тууралуу баш калаанын Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, 27-июлда К.Н. аттуу бишкектик айым 16 жашар кызынын жоголгонун билдирип, аны табууга жардам сурап кайрылган.

Анын айтымында, кызы 17-июлда Сыдыгалиев көчөсүндөгү даректен жумушунан түнкү саат 00:00дө чыккан бойдон үйгө кайтып келген эмес.

Бул факты Ленин райондук милициясындагы Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иши башталган.

"Бүгүн, 30-июлда, 19:00дөр чамасында Ленин райондук милициясынын жашы жете электер менен иш алып баруу инспекциясынын жана криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери Д. Сяопин жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде ал кызды тапкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Тартип сакчылары жашы жете элек балдардын коопсуздугу үчүн алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

13
Белгилер:
Бишкек, өспүрүм, кыз, издөө, милиция
Тема боюнча
Баткен: милиция издеп жаткан өспүрүм бир туугандар табылды

Кыргызстан AstraZeneca вакцинасынын 226 миң дозасын алды. Аэропорттогу видео

22
(жаңыланган 22:35 30.07.2021)
Кыргызстанга AstraZeneca компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынын 226 миң дозасы жеткирилди. Бул COVAX глобалдык механизминин алкагында алып келинген биринчи партия.

Кыргызстандыктар үчүн мындан башка россиялык "Спутник V", кытайлык "Vero Cell" (Sinopharm) жана казакстандык "QazVac" жеткиликтүү.

Республикалык штабдын маалыматына караганда, AstraZeneca вакцинасы III фаза сыноосунун негизинде SARS-CoV-2 симптоматикалык инфекциясына каршы 70 пайызга эффективдүү жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан тастыкталган. Эмдөөдөн 18 жаштан жогорку курактагы адамдар өтө алышат. 1 жана 2-дозалардын ортосундагы аралык 4-12 жуманы түзөт.

COVAX - бул Вакциналар жана иммунизация боюнча дүйнөлүк альянс жана Эпидемияларга карата даярдыкты камсыздоо жаатындагы инновация боюнча коалициясы менен биргеликте ДССУ тарабынан чыгарылган эл аралык механизм.

Программа өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүүнү колдойт жана сатып алууларды жүргүзөт. Анын шарттары боюнча, кирешеси жогору өлкөлөр башка мамлекеттерге жардам берүү максатында вакциналардын акчасын төлөшөт.

22
Белгилер:
Кыргызстан, AstraZeneca, вакцина, аэропорт
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө
Тема боюнча
Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасы алып келинди. Видео
Мэрия: 10 киши чогулса мобилдик топ барып вакцина сайып берет
Жол кырсыгынан талкаланган унаа. Архив

Унаанын таш-талканы чыккан. Боомдогу үрөй учурган жол кырсыктын видеосу

0
(жаңыланган 00:40 31.07.2021)
Жол кырсыгы кечке жуук катталган. Окуяда жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек. Милициянын Кайгуул кызматы толук маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Боом капчыгайында үрөй учурган жол кырсыгы катталды. Жеринен тартылган видеону “Короче” телеграмм-каналы чыгарды. 

Окуя кечке жуук болгон. Кызыл-кочкул түстөгү Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаа каршы тилкени бөлүп турган бетон тосмого урунган. Жапа чеккендер тууралуу маалыматтар айтыла элек.

Видеодо көрүнүп тургандай, жеңил унаанын таш-талканы чыгып, жараксыз болуп калган.

Кырсык Боом капчыгайынын Ысык-Көл облусунун аймагында болгонун ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тастыктап, толугураак маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

0
Белгилер:
жол кырсык, Боом капчыгайы, милиция
Тема:
2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ысык-Көлдө минивен аласалып кетти. Жеринен тартылган видео