Кыргызстанда коронавируска каршы эмделгендердин саны 140 миңден ашты

© пресс-служба мэрии города БишкекОткрытие временных прививочных пунктов от коронавирусной инфекции в Бишкеке
Открытие временных прививочных пунктов от коронавирусной инфекции в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
140 922 адамдын ичинен 87 147си вакцинанын экинчи дозасын алышкан. Эмделгендердин басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жалпысынан 140 922 бейтап коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, 14-июлга карата 140 922 адамдын ичинен 87 147си вакцинанын экинчи дозасын алышкан. Эмделгендердин басымдуу бөлүгү Бишкек шаары менен Чүй облусунда. Ош шаары менен Ош облусунда да вакцина алгандар көп.
  • Бишкек шаары — 46 824;
  • Ош шаары — 11 098;
  • Чүй облусу — 23 157;
  • Ош облусу — 16 695;
  • Ысык-Көл облусу — 12 559;
  • Талас облусу — 4 852;
  • Нарын облусу — 4 877;
  • Жалал-Абад облусу — 15 742;
  • Баткен облусу — 5 118.
Белгилей кетсек, Кыргызстанга Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы келип, өлкөдө жапырт эмдөө башталды.
Жаңылыктар түрмөгү
0