Салык кызматкери рейд убагында. Архивдик сүрөт

Жыл башынан бери 43 салыкчы жоопко тартылды

34
(жаңыланган 12:17 14.07.2021)
Салыкчылар тарабынан мыйзам бузууларды байкаган жарандар Мамлекеттик салык кызматына кат жүзүндө, оозеки же электрондук түрдө кайрыла алышат.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы алты айдын ичинде жарандардын кайрылуусу боюнча 43 кызматкерди жоопко тартты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

"Жыл башынан бери салык органдарынын кызматкерлеринин укуксуз иш-аракеттерине тийиштүү 47 даттануу келип түшкөн. Текшерүүнүн жүрүшүндө 20 арыз боюнча фактылар тастыкталган эмес, учурда үч даттануу кароо стадиясында турат. Калган 24ү боюнча 43 кызматкердин күнөөсү далилденип, алар жоопко тартылды",— деп айтылат билдирүүдө.

Тагыраагы, экөө ээлеген кызматынан төмөндөтүлүп, 20 адам катуу эскертүү, төртөө эскертүү, 11и сөгүш алды. Беш кызматкер ротацияланып, бирөө ээлеген кызматына ылайык келбей турганы аныкталган.

Салык кызматкерлери тарабынан кандайдыр бир мыйзам бузууларды байкаган жарандар 0312 61-31-89 (ишеним телефону) номерине чалып же 0779 61-31-89 Whatsapp номерине билдирүү калтыра алат. Кайрылуулар үчүн info@sti.gov.kg электрондук дареги дагы иштеп жатат.

34
Белгилер:
Кыргызстан, салык, кызматкер, мыйзам бузуулар, кайрылуу, даттануу, жаза
Тема боюнча
Салык кызматы бир катар салыктарды төлөөнүн мөөнөтү жакындаганын эскертти
Президент: салык менен соцтөлөмдү азайткан мыйзам иштеп чыгууну тапшырдым
Саясатчы Равшан Жээнбеков. Архив

Равшан Жээнбековду үй камагынан Бишкектеги тергөө абагына киргизишти. Себеби

3
Жээнбеков былтыркы жылдын октябрь айынан бери үй камагында отурган. Ал эми буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча фигурант болгондуктан бир жылга чукул абакта калтырылган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Эми ал 5-октябрга чейин аталган жайда кармалат.

"Айыптоочу тарап ал үй камагынын тартибин бузду деп кине такты. Бирок ал саат 22:00дөн кийин эшикке чыкса да тартип коргоо органдарынан жашырынбай жана сотторго басым кылган эмес. Эреже сакталган", — деди жактоочу.

Жээнбеков анын баш коргоо чарасы өзгөртүлөрүн кечээ социалдык тармактагы баракчасына жазып, абакта чач тарач жок болгондуктан, чачын тегиздетип алып барарын айткан.

Саясатчы соттун жогорудагы чечиминен кийин журналисттерге саясий куугунтуктоого кабылганын билдирген.

Белгилей кетсек, Жээнбеков 2019-жылы декабрда кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин 244 ("Барымтага алуу") жана 264-беренелери ("Массалык башаламандык уюштуруу") боюнча айып тагылган. Сот иштери уланып, 2020-жылы октябрда үй камагына чыгарылган.

3
Белгилер:
Равшан Жээнбеков, тергөө абагы, сот, үй камагы
Тема боюнча
УКМК "Кыргыз көмүр" ишканасынын директорун кармады
Экс-депутат Узакбаев Кумтөр иши боюнча күнөөлүү деп табылды. Камакта калабы?
Спортчу Айсулуу Тыныбекова

Кыргызстандык балбан кыздар Олимпиададан эки медаль менен кайтты. Сүрөт

77
(жаңыланган 18:33 05.08.2021)
Тыныбекова кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Олимпиада-2020 мелдешиндеги сапары карыды. Бул тууралуу спортчу Айсулуу Тыныбекова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Олимпиада оюндарындагы мелдештери аягына чыкты. Бардыгыңыздарга колдооңуздар жана сүйүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деп жазган спортчу.

Кыргызстандык балбан машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн да жарыялаган.

Эске салсак, Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынса, Мээрим Жуманазарова коло байге жеңген.

77
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, күрөш, балбан, олимпиада, сүрөт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт
Кылкылдап, аянтка батпай. Айсулуунун мелдешин көрүүгө чогулган элдин сүрөтү