Баткен: милиция издеп жаткан өспүрүм бир туугандар табылды

© Фото / пресс-служба УВД Баткенской областиБаткенде кечээтен бери дайыны чыкпай, милиция издеп жаткан бир тууган өспүрүмдөр аман-эсен табылды
Баткенде кечээтен бери дайыны чыкпай, милиция издеп жаткан бир тууган өспүрүмдөр аман-эсен табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Табылган балдардын ата-энеси чет жакта иштеп иштеп жүргөндүктөн милиция аларды чоң энесинин колуна тапшырды.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Баткенде кечээтен бери дайыны чыкпай, милиция издеп жаткан бир тууган өспүрүмдөр аман-эсен табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Дамира Юсупова билдирип, сүрөтүн өзүнүн Facebook баракчасына чыгарды.
Эске салсак, Баткен районунун Бужум айылынын 15 жаштагы тургуну Айназик Кудайбердиева менен анын бир тууган иниси, 11 жаштагы Ариет дайынсыз болуп жатканы тууралуу милиция коомчулукка билдирип, билгендер болсо кабарлап коюуну өтүнгөн.
"Райондук милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чарасынын жүрүшүндө алар бүгүн, 14-июль күнү, саат 12.00дөр чамасында Баткен шаарында жүргөн жеринен табылды", — деп айтылат билдирүүдө.
Балдардын ден соолугу жакшы, аман-эсен. Алардын ата-энеси чет жакта иштеп жүргөндүктөн чоң энесинин колуна тапшырылганы кабарланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0