Вакцина албаган юристибиз каза болуп калды. Министр эмдөөнүн таасири тууралуу

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOВакцинация против коронавируса в Бишкеке
Вакцинация против коронавируса в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Министр Sinopharm вакцинасынын эффективдүүлүгү 75-80 пайыз экенин айтып, оору кайрадан жугуп калса эмделген киши дартты жеңил көтөрөрүн белгиледи.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Вакцина албаган эң жаш юристибиз каза болуп калды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламентте билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Кемелов министрдин вакцина алгандан кийин да ооруп калышы боюнча сурады.
"Түркмөнстан жана Тажикстанга иш сапарга барууга даярданып жатканбыз. Баарыбыз тест тапшырганда менден коронавирус аныкталды. Өзүм да Sinopharm алдым, оорубайм деп ойлогом. Бирок командировкадан келгенден кийин баарыбыз ооруп калдык. Мурда вакцина алгандар 4-5 күндүн ичинде айыгып, жумушка чыктык. Ал эми вакцина албаган эң жаш, 41 жаштагы юристибиз каза болуп калды", — деди Бейшеналиев.
Ошондой эле ал Sinopharm вакцинасынан эффективдүүлүгү 75-80 пайыз экенин айтып, антитела жакшы иштелип чыкпай ооруп калса да дарт жеңил өтөрүн белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0