Курман айттан улам 19-июль эс алуу күнү болуп, иш күн ишембиге жылды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМал союп жаткан мусулмандар. Архив
Мал союп жаткан мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Мындай чечим мамлекеттик бюджеттен каржыланган ишканалардын кызматкерлеринин дем алыш жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдаланышы үчүн кабыл алынган.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. 19-июлдагы жумуш күнү 24-июлдагы эс алуу (ишемби) күнгө которулат. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Мындай өзгөрүү Курман айттан улам болуп, бир нече күн катары менен эс алууга шарт түзүлөрүн белгиледи.
"Республикада 20-июлда Курман айт белгиленет. Жарандар үстүбүздөгү жылдын 17-июлунан тартып 20-июлуна чейин эс алышат. Мындай чечим мамлекеттик бюджеттен каржыланган, жумасына беш күн иштеген мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын кызматкерлери үчүн чыкты", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Жумасында беш күн иштеген жеке менчик юридикалык жактардын жетекчилерине 19-июлдагы иш күнүн 24-июлдагы эс алуу күнүнө жылдыруу сунушталган.
Эске салсак, буга чейин дүйшөмбүдө, 19-июлда, Кыргызстанда жумуш күнүн бир саатка кыскартуу боюнча чечим кабыл алынган.
Жаңылыктар түрмөгү
0