Азык-түлүк. Архив

Кыргызстанда жашоо минимуму жогорулады

170
(жаңыланган 22:56 14.07.2021)
Эске салсак, 2020-жылдын экинчи кварталында жашоо минимуму 5840,4 сомду түзгөн. Бүгүнкү күндө ал 6 332,05 сомго жетти.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстанда быйылкы жылдын экинчи кварталында жашоо минимуму 6 332,05 сомду түзүп, былтыркы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 15,6 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Бул көрсөткүч орто эсеп менен 500 сомго көбөйдү.

Аймактар боюнча жашоо минимуму канча сомго барабар:

  • Жалал-Абад — 6 665,64 сом;
  • Бишкек шаары — 6 400,46;
  • Ош — 6 302,06;
  • Нарын — 6 277,91;
  • Баткен — 6 268,26;
  • Чүй — 6 160,99;
  • Ош шаары — 6 139,49;
  • Ысык-Көл — 5 920,48;
  • Талас — 5 829,24.

Эске салсак, 2020-жылдын экинчи кварталында жашоо минимуму 5840,4 сомду түзгөн.

170
Белгилер:
азык-түлүк, баа, статистика, Кыргызстан
Тема боюнча
Сабиз арзандады. Азыр канчадан сатылып жатат?
Адам муштумдарын түйүп жатат. Иллюстративдик сүрөт

КРдин Москвадагы элчилигинде мушташ чыктыбы? Расмий түшүндүрмө

8
(жаңыланган 10:07 26.07.2021)
Элчиликтен билдиришкендей, кыргызстандык аялды коштоп келген эркек киши кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратындагы мушташ тууралуу комментарий берди.

Бул тууралуу маалыматты 25-июль күнү Россиянын айрым ЖМКлары жазган. Элчиликтен билиришкендей, 24-июль күнү кыргызстандык аялга консулдук жардам көрсөтүлүп жатканда, аны менен чогуу келген эркек киши "кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес. Ошондон улам тараптар мушташа кетип, ал эркек консулдук бөлүмдөн күч колдонулуп сыртка чыгарылган".

Мындан соң ал КРдин ИИМинин Россиядагы өкүлчүлү жана полицияга өткөрүп берилген.

"Сөз болуп жаткан киши Россиянын жараны экени белгилүү болду. Ошол эле учурда маалыматтар базасы аркылуу анда Кыргызстандын паспорту дагы бар экени аныкталды. Анын өзүн кандай алып жүргөндүгүн кабылдамада кезек күтүп турган жарандар дагы көрүштү. Кабыл алып, кызмат көрсөтүп жаткан кызматкер ага караша тиешелүү чара кабыл алуусун өтүнүп укук коргоо органдарына арыз жазды", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле элчилик учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. Эгер кызматкер тарабынан катачылык кеткени далилденсе, тиешелүү чара көрүлөт.

8
Белгилер:
мушташ, элчилик, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
РФтеги элчилик кыргыздардын массалык депортациясы тууралуу маалыматты төгүндөдү
Медициналык кызматкер ооруканада бейтап менен. Архиа

Коронавирус дагы 12 кишинин өмүрүн алды. 26-июлдун статистикасы

13
(жаңыланган 09:45 26.07.2021)
Соңку статистикалык маалыматтарды кошкондо пандемия башталгандан бери вирустун курмандыгы болгондордун саны 2 261ге жетти.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирустан 12 киши каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Өлүм катталган аймактар:

  • Бишкек шаары – 8;
  • Чүй облусу – 4.

Соңку статистикалык маалыматтарды кошкондо пандемия башталгандан бери вирустун курмандыгы болгондордун саны 2 261ге жетти.

13
Белгилер:
өлүм, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот 
Коронавирус адамды бат карытат. Процессти кантип жайлатуу керек