Кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу 100 автоунаа кезекте турат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКыргыз-казак чек арасында кезекте турга жүк ташуучу унаалар. Архив
Кыргыз-казак чек арасында кезекте турга жүк ташуучу унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Чек ара кызматы ичинде жүгү жок автоунаалар Казакстанга "Кең-Булуң" пункту аркылуу өтө аларын эскертти.
БИШКЕК, 15-июл. – Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуларында абал туруктуу, бардыгы кадимки тартипте иш алып барып жатат. Бул тууралуу УКМКга караган Чек ара кызматы кабарлады.
15-июль саат 8:00гө карата "Ак-Тилек" пунктунда кезекте 100 жүк ташуучу унаа турат. Анын ичинен 30-40тайы контейнер жүктөгөн автоунаа болсо, калгандары эл керектөөчү буюмдар менен тамак-аш ташыган автоунаалар.
"Аталган өткөрүү пунктунда жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги экономикалык ишмердүүлүк жандана баштаганынан улам жаралган. Кыргыз-казак чек арасынын башка өткөрүү жайларында автоунаалардын мындай кезек күтүүсү катталган жок", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы ичинде жүгү жок автоунаалар Казакстанга "Кең-Булуң" пункту аркылуу өтө аларын эскертти.
Жаңылыктар түрмөгү
0