Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

© Sputnik / Артур ЛебедевСел. Архив
Сел. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Синоптиктердин айтымында, 15-19-июлда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаайт.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал экенин эскертти.
Маалыматка ылайык, 15-19-июлда республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөп жаан жаайт. Буга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн.
Министрлик адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында Жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бул тууралуу кабардар кылганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0