Бир суткада өлкөдө 18 миңден ашуун адам коронавируска каршы эмделди. Көбү Ошто

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүВакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив
Вакцина даярдап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Өлкөдө жалпы эмделгендердин саны 157 563кө жетти. Анын ичинен 88 924ү вакцинанын экинчи дозасын алганы айтылды.
БИШКЕК, 15-июл. – Sputnik. Акыркы 24 сааттын ичинде Кыргызстанда 18 418 адам коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, 18 миңдин ичинен 1 777 киши вакцинанын экинчи дозасын сайдырган. Ушуну менен өлкөдө эмделгендердин саны 157 563кө жетти. Анын ичинен 88 924ү вакцинанын экинчи дозасын алганы айтылды.
Бир сутка ичинде вакцина алгандардын саны (облустар боюнча):
  • Бишкек шаары – 2 901;
  • Ош шаары – 2 042;
  • Чүй облусу – 1 238;
  • Ош облусу – 6 090;
  • Ысык-Көл облусу – 1 728;
  • Талас облусу – 692;
  • Нарын облусу – 490;
  • Жалал-Абад облусу – 2 775;
  • Баткен облусу – 462.
Белгилей кетсек, 11-июлдан бери өлкөдө калкты жапырт эмдөө жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0