Жогорку соттун төрайымы судьялар канча маяна аларын айтты

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловИзбрание судей Верховного суда КР
Избрание судей Верховного суда КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2021
Жазылуу
Эл өкүлү судьялардын маянасын көтөрүүнү президенттен, министрлер кабинетинен мүмкүнчүлүккө жараша талап кылууга чакырды.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Жогорку соттун судьялары 35 миң, жергиликтүү соттор 30 миң сомдон айлык алат. Бул тууралуу Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова парламентте депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Эл өкүлү Сайдулла Нышанов мындай маяна аз экенин айтып, кеминде 100 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштады.
"Эми ачык айтышыбыз керек, 30-40 миң алган соттор таза иштебейт. Жогорку соттун судьясы 100 миң сомдон кем албашы керек, ошондо талап аткарылат. Баары уялып чындыкты издейт. Эгер соттор адилет чечим чыгарбаса мамлекет оңолбойт", — деди депутат.
Ошондой эле ал судьялардын маянасын көтөрүүнү президенттен, министрлер кабинетинен мүмкүнчүлүккө жараша талап кылууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0