Адис баласы үчүн аша чаап тынчсыздана берген ата-энелерге кеңеш берди

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүНачало учебного года в городах России
Начало учебного года в городах России - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Психологдун пикиринде, учурда баш-оту менен баласынын жашоосуна кирип алып, анын коопсуздугуна чектен чыгып тынчсыздана берген ата-энелер көп.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Баланы бир күндө 24 саат көзөмөлдөп, анын ар бир мүнөтүн пайдалуу нерсеге жумшоого аракет кылуунун зарылдыгы жок. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине психолог Александр Колмановский айтып берди.
Адистин пикиринде, учурда баш-оту менен баласынын жашоосуна кирип алып, анын коопсуздугуна аша чаап тынчсыздана берген ата-энелер көп.
"Айрымдар баласы бош отуруп калса эле өзүн бир нерседен калып калчудай сезип, дароо аны өзү пайдалуу деп эсептеген нерсе менен алектендирүүгө аракет кыла баштайт. Баланын бир күндө бир нече саат бош, жөн гана ойноп, өзү каалагандай убакыт өткөргөнү нормалдуу нерсе. Мындан бала жалкоо болуп кетпейт", — деди Колмановский.
Психолог баласы үчүн чектен чыгып тынчсызданган ата-энелерди өзүн колго алып, убактылуу башка нерсеге алаксууга чакырат.
Жаңылыктар түрмөгү
0