Жол кайгуул кызматкери.Архивдик сүрөт

Бишкек: эреже бузган айдоочулар 165 млн. сомдон ашык айып пулду төлөбөй жүрөт

37
Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн жарым жылда 11 587 автоунаа убактылуу айып короого токтотулган.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында быйылкы жарым жылдыкта мас болуп жана автоунаага тийиштүү документтери жок айдаган фактылар эң көп кездешкен. Бул тууралуу Бишкек шаардык кайгуул милициясы кабарлады.

Кайгуул кызматынын инспекторлору быйылкы жылдын алгачкы алты айында жол эрежелерди бузган фактылар боюнча 152 786 протокол толтурган.

Түзүлгөн протоколдордун негизинде жалпысынан 214 440 500 сом айып пул салынса, анын ичинен 48 755 352 сом мамлекеттик бюджетке түшкөн. Кайгуул милициясынын берген сандарына таянып эсептей келгенде айдоочуларга салынган айыптын ичинен 165 685 148 сомдон ашык айып пул төлөнө электигин көрүүгө болот.

Жарым жыл ичиндеги жол эрежесин бузган учурлар төмөнкүдөй мүнөздө болгон:

  • Автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо — 1 766;
  • Мас болуп автоунаа башкаруу — 1 543;
  • Жолдогу ээнбаштык — 33;
  • Автокөлүктүн алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо — 328;
  • Автоунаага жасалма же жалган мамлекеттик номердик белгилерди тагып алып айдоо — 75;
  • Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 149 041;
  • Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 11 587 автоунаа убактылуу айып короого токтотулган.
37
Белгилер:
Кайгуул милициясы, протокол, айып пул, жол эрежеси, Бишкек
Тема боюнча
ИИМ: жаңы жыл түнү 184 кылмыш катталып, 2 129 айдоочу эреже бузду
Айтикул уулу: жыл башынан бери Бишкекте 841 жол кырсыгы катталды
Медицинский работник Службы неотложной медицинской помощи берет образец мазка у мужчины в культурном центре Лопе-де-Вега в районе Вальекас в Мадриде 1 октября 2020 года

Кыргызстанда коронавирусту 973 адам жуктурду. Статистика

4
(жаңыланган 09:21 26.07.2021)
Оору жуктургандар мурдагыдай эле Бишкек шаарында азайбай жатат. Бир суткада 637 кишиден чыкты. Калган аймактарда бейтаптар жүзгө жетпейт.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада COVID инфекциясынын 1568 киши жеңип, жаңыдан 973 адам жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ооругандар:

  • Бишкек — 637;
  • Ош шаары — 23;
  • Чүй — 72;
  • Ош — 12;
  • Талас — 18;
  • Нарын — 18
  • Ысык-Көл — 39;
  • Жалал-Абад — 74;
  • Баткен — 88.

Пандемиядан бери 158 120 адамда оору аныкталды.

Ал эми бир сутка ичинде 1568 адам айыкты. Жалпы сакайгандар 136 700ге жетти.

4
Белгилер:
жуктуруу, айыктыруу, оору, бейтап, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавируска каршы күнү-түнү эмдеген пунктулардын дареги
Эмдөөдөн өттү деген сертификатты кайсы жерден жана кантип алууга болот 
ДССУ штаб-квартирасы. Архив

ДССУ: жакынкы жылдары рактын үч түрүн жеңе алышыбыз мүмкүн

9
Аялдарда жатын моюнчасынын рагын пайда кылган папиллома вирусуна (ВПЧ) каршы иштелип чыккан вакцина ооруну азайтууга көмөктөшөрү айтылат.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистеринин пикиринде, жакынкы 10 жылда залалдуу шишиктин үч түрүн жеңүүгө мүмкүнчүлүк бар. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

ДССУ өкүлү Мелита Вуйнович көпчүлүк аялда кездешип жаткан жатын моюнчасынын рагын азайтууга жакшы шарттар түзүлгөнүн билдирген. Биринчиден оору жакшы изилденсе, экинчиден, аны козгогон адамдын папиллома вирусуна (ВПЧ) каршы кооптуу жана натыйжалуу вакцина иштелип чыкты.  

Ошондой эле адамзат өпкө рагын да жеңүү алдында турат. Бирок ал үчүн чылымдан баш тарткандар көп болушу керек. ДССУ адистери тамеки чеккендер болбосо залалдуу шишик жаралбайт эле деген оюн айтышкан. Рактын бул түрүнө чылым 90 пайыз себеп экени белгиленет.  

Адистер эскерткендей, тамекинин түтүнүндө ракты чакырган 60тан ашуун канцероген бар, ал эми никотин нерв системасынын ишин төмөндөтөт.  

Мындан сырткары, боор рагынан арылууга да мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн ичимдикти таштап же кескин азайтуу керек. ДССУнун адистеринин изилдөөсүнө ылайык, былтыр 740 миң кишинин рак оорусу спирт ичимдиги менен байланыштуу болгон. Бейтаптардын 75 пайызын эркектер түзөт.  

Адистер рактын бул түрлөрүн жеңүүгө жана алдын алууга багытталган иштерди жүргүзүүнү улантууда.

9
Белгилер:
боор, өпкө, жатын, шишик, рак, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема боюнча
Адамдын тили рак болгондо кездешчү белгилер айтылды
Көпчүлүгүбүздө бар. Рак илдетин пайда кылчу 7 вирус аталды