РКӨФ төрагасы Артем Новиковдун атасы көз жумду

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевЗаседание Совета ЕЭК с участием и.о. премьер-министра Артема Новикова
Заседание Совета ЕЭК с участием и.о. премьер-министра Артема Новикова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Новиковдун атасы кеме капитаны болуп, кийин көп жылдар бою Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө иштеп, ишкерлик кылган.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиковдун атасы Эдуард Новиков каза тапты. Бул тууралуу РКӨФтүн маалымат кызматы кабарлады.
Новиковдун эмгек жамааты ага жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген.
Артем Новиков жергиликтүү ЖМКлардын бирине курган маегинде атасы кеме капитаны болуп, көп жер кыдырганын айтып берген. Бирок уулу Артем төрөлгөндөн кийин жумуш ордун которгон. Кийин көп жылдар бою Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүндө иштеп, ишкерлик кылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0