Ысык-Көлдөгү пирс. Архивдик сүрөт

Туризм департаменти: россиялыктардын Кыргызстанга кызыгуусу артып жатат

97
(жаңыланган 12:16 17.07.2021)
Департаменттин директорунун орун басары РФ жарандарын пляждагы эс алуу менен саякат эле эмес, Кыргызстандагы спорт дагы кызыктырарын айтты.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россиялык туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу барган сайын артууда. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.

"Кыргызстан россиялык туристтер үчүн жыл мезгилине карабай кызык болууда. Көпчүлүк Ысык-Көл үчүн эле эмес, тоо туризми, ден соолукту чыңдоо үчүн да келип жатат. Тоо туризми негизинен трекинг жана альпинизм менен байланыштуу. Спорттун бул түрлөрү айлана-чөйрөгө көнүшүүнү талап кылгандыктан туристтер бир нече айлап калууда", — деди Кенжематова.

Анын айтымында, Ысык-Көлгө башка жактардан, мисалы, Батыш Европада жашаган россиялыктар да келип жатат. Жыл сайын келип эс алып кеткендер да бар. Россиялык туристтердин агымы Тамчыга каттам ачылгандан бери көбөйгөн. Буга айрым мамлекеттердеги карантиндик чаралар да таасир тийгизген.

Кыргызстанга россиялык трэвел-блогер Лариса Булина да келип кеткен. Ал катталуучуларына Бишкекти эле көрсөтүп тим болбостон, кыргыздар деген ким экенин түшүндүрүүгө аракет кылган.

"Биздин өлкө россиялыктар үчүн барган сайын кызык болууда. Кыргызстан тууралуу блогдордо жана телепрограммаларда көбүрөөк айтыла баштады", — деди департаменттин жетекчисинин орун басары.

Дүйнөлүк туристтик уюмдун маалыматы боюнча, 2018-жылы Кыргызстанга Россиядан 502 миң турист келген, 2019-жылы — 540 миң, 2020-жылы пандемиядан улам болгону 143 миң киши эс алып кеткен. 2021-жылдын биринчи кварталында республикага 49 миң россиялык турист келгени айтылды.

97
Белгилер:
спорт, ден соолук, Россия, туризм, эс алуу, Ысык-Көл, Кыргызстан
Тема боюнча
Ташматов: туристтик милиция электроскутерлер менен иш алып барууда
Бельянинов: Кыргызстандагыдай табият эч жерде жок, бирок туризм тынчтыкты сүйөт
Дарыгер-косметолог Назира Элебесова

Элебесова: ысыкта курамында ретинол бар каражаттарды колдонбогула

31
(жаңыланган 15:32 27.07.2021)
Дарыгер-косметолог Назира Элебесова ысыкта териге кам көрүү жана күнгө туура кактануу тууралуу айтып берди.

Тоолуу аймакта жашагандыктан кыргызстандыктар spf 50 жогорку деңгээлде коргоочу бет май колдонушу керек. Ал эми пляжга баргандар күндөн коргонуучу кремди 15-20 мүнөт сайын жаңылап сүйкөө зарыл. Бул тууралуу Назира Элебесова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Элебесова: ысыкта курамында ретинол бар каражаттарды колдонбогула

Анын айтымында, териге кам көрүүдө туура тамактанып, жетиштүү деңгээлде суу ичүү керек.

"Жайында терини коргоочу каражаттарды колдонуу сунушталат. Ар бир адам өз терисинин өзгөчөлүгүнө жараша косметика тандоо абдан маанилүү. Ысыкта курамында ретинол бар, терини агартуучу каражаттарды колдонбош керек. Мында сепкил түшүп же пигменттик тактар карарып кетиши мүмкүн. Негизи беттин териси 70 пайыз косметологдон, калганы үйдөн кам көргөнгө жараша болот. Учурда бетти нымдаштыруучу процедуралар актуалдуу болуп жатат. Бул ийне аркылуу гиалурон гелин куюу, RF лифтинг аркылуу терини жашартуу ыкмалары. Азыр саат 12ден 15:00гө чейин күн ачуу тиет. Андыктан бул убакытта сыртка чыкпай, эртең менен же кечирээк күнгө күйүү сунушталат", — деди Элебесова.

Косметолог күнгө өтө күйүп калганда температура көтөрүлөрүн, бул учурда күнгө чыкпай, көбүрөөк суюктук ичиш керектигин айтты. Андан сырткары, дарыгерге кайрылып, ал сунуштаган майды сүйкөө керектигин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

31
Белгилер:
Назира Элебесова, кам көрүү, тери, косметолог
Тема боюнча
Кандай адамдар пляжда күнгө көп күйбөшү керек. Адистин пикири
Электр лампасы. Архив

28-июлда Бишкектин бир катар аймактарында электр кубаты болбойт. Тизме

22
(жаңыланган 15:27 27.07.2021)
"Түндүк электрдин" адистеринин шаршемби күнгө пландаган иштеринин көпчүлүгү Бишкектин тегерек-четиндеги конуштарда болот.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Эртең, 28-июлда, Бишкектин 18 көчөсүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу маалымат "Түндүк электр" ишканасынын сайтына чыкты.

Бул күнү уюмдун тийиштүү кызматкерлери трансформаторлорду оңдоо, үйлөрдүн арасындагы зымдардын тартылышын көзөмөлгө алуу, кабелдерди текшерүү сыяктуу иштер менен алектенишет.

Өчүрүү графиги:

  • 09:00дөн 13:30га чейин — Арча-Бешик конушунда (Арча-Бешик жана Тогуз-Түтүн көчөлөрү);
  • 09:00дөн 17:00гө чейин — Патрис Лумумба көчөсү;
  • 09:00дөн 18:00гө чейин — Махатма Ганди, Түлөбердиев жана Васильев көчөлөрүнүн бөлүктөрү, ошондой эле Арча-Бешик конушунда (Чортеков жана Шербет көчөлөрү);
  • 09:30дан 17:30га чейин — Ахунбаев көчөсү (№100 үй);
  • 09:30дан 18:30га чейин — Салиева, Муса Жалил, Кантемиров көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө жана Жибек Жолу проспекти, ошондой эле Көк-Жар конушунда (Коңорчок, Көк-Жар көчөлөрүндө);
  • 10:00дөн 17:30га чейин — Кара-Жыгач конушунда (Субан-Ата жана Виноградная көчөлөрүндө);
  • 13:30дан 18:00гө чейин — Арча-Бешик конушунда (Кара-Кужур жана Шералиев көчөлөрүндө).
22
Белгилер:
оңдоо иштери, өчүрүү, электр кубаты, 'Түндүк Электр' ишканасы, Бишкек
Тема боюнча
Карызы 12 млн. сомго жетти. Бишкекте 2,3 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт
Токтогул ГЭСине коюлуучу гидроагрегаттын дөңгөлөгү алып келинди. Видео
Пекин шаарындагы аскердик парад. Архив

ЖМК: Кытай өзөктүк курал үчүн 110 шахта куруп жатат. Сүрөттөр

0
Кытай бийлиги мындай шахталарды куруп жатканы тууралуу маалыматтар коммерциялык спутниктер аркылуу алынганы айтылат.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда континенттер аралык баллистикалык ракета учуруучу 110 шахта курулуп жатат. Бул тууралуу The New York Times гезити жазды.

Кытай бийлиги мындай шахталарды куруп жатканы тууралуу маалыматтар коммерциялык спутниктер аркылуу алынганы айтылат. Аларды АКШнын окумуштуулар федерациясы карап чыгып, бул шахталар өзөктүк курал үчүн экенин айтышкан.

"Курулуш иштери Хами шаарынан болжол менен 100 чакырым аралыктагы чөлдүү аймакта жүргүзүлүп жатат", — дешкен адистер.

Басылма бул нерсе жалпысынан Пекин өзөктүк курал арсеналын бекемдеп жатканынан же кытай бийлигинин АКШ менен Россиянын катышуусундагы курал-жаракка көзөмөл кылуу келишимине аралашууга даярдыгы катары кабылдаса болорун жазган.

0
Белгилер:
АКШ, курулуш, өзөктүк курал, Кытай
Тема боюнча
Россияда өзөктүк куралдардын согушу болуп кетсе колдоно турган учак жасалат