Маммүлк килограммын 27 сомго баалап ун сатууда. Кампалардын дареги

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПроизводство муки в Кыргызстане
Производство муки в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Мамлекеттик мүлк фонду республикада азык-түлүк бааларын турукташтыруу максатында унду арзан сатууда.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Материалдык резервдер фонду жогорку сорттогу унду килограммын 27 сомдон сатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Ал эми биринчи сорттогу ундун килограммы 25 сом болууда.
"Ундун арзан баада сатылышы республикада азык-түлүк баасын турукташтыруу максатында болуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.
Ун сатылуучу ишкана-кампалардын даректери:
  • Кара-Балта шаары, "Дан" мамлекеттик ишканасы, телефону: 03233 3 68 97;
  • Балыкчы шаары, "Алтын-Дан" ишканасы, телефону: 03944 5 10 12;
  • Кара-Суу шаары, "Кара-Суу — Дан-Азык" ишканасы, телефону: 0550 90 33 00;
  • Жалал-Абад шаары, "Азрат-Айыб" ишканасы, телефону: 03722 7 24 02;
  • Бишкек шаары, Мамлекеттик мүлк фондунун борбордук базасы, телефондор: 0312 35 72 86; 0550 23 60 27
Жаңылыктар түрмөгү
0