Ысык-Көлгө турист болуп келген россиялык кыз изделип жатат

© Sputnik / Андрей Варенков / Медиабанкка өтүүТоодо саякаттап жүргөн кыж. Архив
Тоодо саякаттап жүргөн кыж. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Учурда Ак-Суу районунан 12, Каракол шаарынан беш, баш-аягы 15 куткаруучу жана ИИМдин 15 кызматкери издеп жатат.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кечээ Ысык-Көл облусунун аймагындагы жайлоолордун биринде турист, Россиянын 29 жаштагы тургуну жоголуп кетип, ӨКМ издеп жатат. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалыматта үй-бүлөсү менен келген туристтер Россиянын жарандары экени айтылган.
"15-июль күнү Ак-Суу районундагы Каракол - Ала-Көл жайлоосундагы көпүрөдөн өтүп беш киши отун тергени кеткен. Ал эми 29 жаштагы кызы көпүрөнүн берки бетинде калып дайынсыз жоголгон", — деп билдиришти ӨКМден.
Учурда Ак-Суу районунан 12, Каракол шаарынан беш, жалпы 15 куткаруучу жана ИИМдин 15 кызматкери издеп жатканын билдиришти.
Жаңылыктар түрмөгү
0