Мурдагы билим берүү министри Мукаш Базаркулов дүйнө салды. Некролог

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭстеликтеги гүлдөр. Архив
Эстеликтеги гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Базаркулов Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигин 12 жыл бою жетектеген. Легендарлуу парламенттин депутаты болуп иштеген.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл мугалими, мамлекеттик жана партиялык көрүнүктүү ишмер Мукаш Базаркулов 86 жаш курагында дүйнө салды. Президенттик администрация некролог таратып, маркумдун жакындарына көңүл айтты.
Базаркулов 1935-жылдын 5-июнунда Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Саз айылында төрөлгөн. 1955-жылы Педагогика институтун, 1962-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган.
Эмгек жолун 1955-жылы орто мектептин мугалиминен баштап Кыргыз ССРинин элге билим берүү министрине чейинки жолду басып өткөн.
1965-жылдан тартып партиялык иште эмгектенген: партиянын Ак-Талаа райондук комитетинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1968-1970-жылдары Кыргызстан Компартиясынын борбордук комитетинин инспектору, 1971-1979-жылдары партиянын Талас райондук комитетинин экинчи, андан кийин биринчи катчысы кызматтарын аркалаган.
Видный ученый Ташманбет Кененсариев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2021
Тарыхчы, профессор Ташманбет Кененсариев дүйнө салды. Некролог
1979-жылы ал Кыргыз ССРинин агартуу министри, ал эми 1988-жылы эл агартуу министри болуп дайындалып, 1991-жылдан 2006-жылга чейин Чүй облустук билим берүү башкармалыгынын начальниги болуп иштеген.
Мукаш Базаркулов Кыргыз ССРинин Элге билим берүү министрлигин 12 жыл бою жетектеп, мектеп окуучуларына билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, педагогикалык жаӊычыл ой жүгүртүүлөрдү, алдыӊкы тажрыйбаларды жайылтуу, мектептерди мугалимдер менен камсыз кылуу жана билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базаларын жакшыртуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөн.
Ал министр болуп турганда 348 000 окуучу орунга ылайыкталган 452 мектеп, 64000 балага ылайыкталган 379 бала бакча курулган.
Элдин ишенимине татып бир нече жолу Кыргыз ССР Жогорку Советинин, Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
Депутат катары эгемендүү мамлекетибиздин пайдубалын бекемдөө боюнча мыйзамдарды кабыл алууга да жигердүү катышкан. Ал Конституциялык комиссиянын мүчөсү катары 1993-жылы алгачкы Конституциянын кабыл алынышына чоң салымын кошкон.
Базаркуловго 1994-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими", 2005-жылы "КР эл мугалими" ардак наамы ыйгарылган, 2000-жылы "Даӊк" медалы менен сыйланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0