Кардиолог кан басымды түшүрүүгө кайсы азыктар жардам берерин айтты

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүБейтаптын кан басымын текшерип жаткан дарыгер. Архив
Бейтаптын кан басымын текшерип жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Жазылуу
Дарыгердин айтымында, кан басымы жогорулаганда кан тамырлар ичкерип кетет. Ошондуктан гипертониктер кардиолог сунуштаган азыктарды колдоно жүрүшү зарыл.
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кардиолог Валентина Байдина РИА Новостиге кан басымы жогору адамдар кандай тамактанып, кайсы азыктарды көп колдонушу керектигин тизмектеп берген.
Анын айтымында, кан басымы жогорулаганда кан тамырлар ичкерип кетет. Дарыгер бул оорудан арылууга, кан тамырды кеңейтүүгө сүт азыктары, анын ичинде кефир, быштак, жуурат жардам берерин белгилеген.
"Ушул азыктардан күнүнө бир стакандан аз-аздан ичип турса кан басым төмөндөйт", — деди кардиолог.
Кан басымды бир калыпта кармоо үчүн каркаде чайынын да пайдасы бар экени айтылды.
Кофе ичип жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.06.2021
Диетолог жайында кофе ичүүнүн эрежесин айтты
"Гипертониктер С витаминине бай жашылча-жемиштерди көп жеши керек. Алсак, грейпфрут, апельсин, лимон жана лимон кошулган суу. Кызылча, андан жасалган шире да жакшы. Бирок аны көп ичкенге болбойт. Ашыкча болуп кетсе адам заңдай албай кыйналышы ыктымал", — деди Байдина.
Кардиолог сарымсак да кан басымы жогору адамдарга миңдин бири экенин белгилеген. Анын курамындагы аллицин кан тамырларды эс алдырат. Рационго шпинат, укроп, петрушка кошсо ашыкча болбойт. Булар заара чыгаруучу касиетке ээ экени кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0