Ооруканадагы дарыгер. Архив

COVID: Чүй менен Бишкектеги ооруканалардагы бош орундардын тизмеси

39
(жаңыланган 10:34 17.07.2021)
Чүй облусу менен Бишкек шаарында жалпысынан 19 оорукана коронавирус менен ооругандарды дарылап жаткан болсо, бүгүн алардын 12синде бош керебеттер бар.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн ооруканаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн 12 ооруканада 209 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалымат бүгүн, 17-июль, саат 8:00гө карата алынды.

  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 2;
  • № 2 клиникалык төрөт үйү — 12;
  • №1 шаардык клиникалык оорукана – 8;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 1;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 2;
  • Улуттук госпиталь (мобилдик госпиталь) — 6;
  • Улуттук наркология борбору — 32;
  • Аскердик госпиталь — 5;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 57;
  • Улуттук госпиталь (Нейрокорпус) – 5;
  • Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейи — 34;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 45.
39
Белгилер:
бош орундар, коронавирус, оорукана, Бишкек, Чүй облусу
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2858)
Тема боюнча
Ош облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү пайдаланууга берилди. Сүрөт
Азербайжандан Бишкекке жардам катары 40 миң доза AstraZeneca келди
COVID болуп айыккандан кийин Кыргызстанга келгиси келген туристтер көбөйдү
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архивное фото

ЖК депутаты: Садыр Жапаров бизди сый тамакка чакырды

59
(жаңыланган 17:44 27.07.2021)
Эл өкүлүнүн айтымында, мындай сый тамак жыл сайын уюштурулат жана бул жолу эч кандай саясий маселе талкууланбайт.

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров сессиялар жыйынтыкталып жатканына байланыштуу парламент депутаттарын сый тамакка чакырды. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына эл өкүлү Умбеталы Кыдыралиев билдирди.

Анын айтымында, мындай сый тамак жыл сайын уюштурулат жана бул жолу эч кандай саясий маселе талкууланбайт.

Анткен менен айрым парламентарийлер шайлоо боюнча мыйзам долбоору талкууланарын айтса, башкалары эмне үчүн чакырылганын таптакыр билбей турганын билдиришти.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев Жапаровдун депутаттар менен бейрасмий жолугушуусу пландалганын, учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болорун айтты.

Буга чейин аталган жолугушууга чакыруу алганын депутат Айсулуу Мамашова айтып, иш-чара "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтөрүн кошумчалаган.

Белгилей кетсек, өткөн жумада 21-июль күнү да ЖК депутаттары Садыр Жапаров менен жолугуп, шайлоо системасы боюнча сунушталган мыйзам долбоору ортого салынган. Анда эл өкүлдөрүн ЖК имаратынын жанынан автобуска салып алып кетишкен.

59
Белгилер:
тамак, депутат, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Депутаттар Садыр Жапаров менен жолугуу үчүн бүгүн да резиденцияга барышат
Депутат Тотонов: Бишкек шаар эмес эле ат сарай, иткана болуп калды 

Шумкар асманда учкан дронго кол салып, аны илип кетти. Видео

26
Социалдык тармактарда шумкардын квадракоптерге чабуул койгон видеосу тарады. Жырткыч куш аппаратты мыкчып алып кеткен.

Россиялык ЖМКлар жазгандай, окуя Камчатка аймагында жергиликтүү блогер табияттын кооздугун тартып жатканда болгон.

Жырткыч куш учуучу аппаратка кол салган. Кадрдан көрүнүп тургандай, шумкар дронду учуп бара жаткан жеринен илип кеткен. Аппаратты асманда бир кыйла аралыкка чейин мыкчып барып, саздак жерге таштап койгон.

Маалым болгондой, дрон GPS координаттары аркылуу табылган.

26
Белгилер:
окуя, Камчатка, Чабуул, дрон, шумкар
Тема боюнча
Аюулар дронго кол салганда... Сахалинде тартылган видео
Көзүн чокуп... Шумкар менен кескелдириктин беш сааттык кармашы. Видео

Бишкектеги батирлердин июль айына карата ижара акысы. Инфографика

0
Бишкек шаарында июль айында бир жана эки бөлмөлүү батирлердин ижара акысы арзандады. Ал эми үч бөлмөлүүлөр бир ай мурдагыга салыштырмалуу кымбаттады.
Бишкектеги батирлердин июль айына карата ижара акысы

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар ай сайын борбор калаадагы батирлердин ижара акысына көз салып, өткөн айдагы баалары менен салыштырып турат.

Бул материалды даярдоо учурунда 608 жарнама каралды. Июль айында деле өткөндөгүдөй эмереги бар жана мейманкана тибиндеги батирлерди изилдеп чыктык.

Бул айда эмереги бар дээрлик бардык типтеги бир жана эки бөлмөлүү батирлердин ижарасы арзандаган. Бир бөлмөлүү “элиталык” батирдин ижара акысы 2 800 сомго төмөндөгөн.

Бул айда эмереги бар бардык типтеги үч бөлмөлүү батирлердин ижарасы кымбаттады. 105 жана 106-сериядагы үч бөлмөлүү батирлер үчүн орто эсеп менен 2 500 сомго көбүрөөк төлөш керек болот. Ал эми 104-сериядагылар 800 сомго өскөн.

Жеке типтеги бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы болсо 600 сомго кымбаттаган.

Окурмандардын ыңгайы үчүн түрдүү типтеги бир, эки жана үч бөлмөлүү батирлердин (104, 105, 106-серия, "элитка", жеке тип) орточо баасынын диапазонун көрсөтүп бердик.

Ачык маалымат булактарына караганда, июль айында Бишкектеги эмереги бар бир бөлмөлүү батирлердин ижара акысы төмөнкүдөй болду:

  • 104-серия — 14 100 сом (12 000ден 17 000ге чейин);
  • 105-серия — 13 800 (10 000ден 18 000ге чейин);
  • 106-серия — 14 300 (10 000ден 20 000ге чейин);
  • Жеке типтегилер — 15 900 (9 000ден 25 400гө чейин);
  • "Элитка" — 21 400 (15 000ден 29 600гө чейин);
  • Мейманкана тибиндеги батирлер — 6 600 (5 000ден 8 500гө чейин).

Эмереги бар эки бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 17 400 сом (12 000ден 23 000ге чейин);
  • 105-серия — 17 700 (12 000ден 29 700гө чейин);
  • 106-серия — 19 600 (14 000ден 28 000ге чейин);
  • Жеке типтегилер — 22 000 (12 000ден 35 000ге чейин);
  • "Элитка" — 36 400 (20 000ден 59 300гө чейин).

Эмереги бар үч бөлмөлүү батирлердин орточо баасы:

  • 104-серия — 22 600 сом (17 500дөн 29 700гө чейин);
  • 105-серия — 24 500 (15 000ден 35 000ге чейин);
  • 106-серия — 27 700 (16 900дөн 33 900гө чейин);
  • Жеке типтегилер — 28 900 (19 000ден 63 300гө чейин);
  • "Элитка" — 58 100 (25 400дөн 110 200гө чейин).
0
Белгилер:
инфографика, акы, ижара, батир, Бишкек