Ооруканада 4 763 адам жатса, анын 200үнүн абалы өтө оор. COVID статистикасы

© Sputnik / Татьяна Макеева / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.07.2021
Жазылуу
Ушул тапта стационарда 4 763 адам коронавирустан дарыланып жатат. Кечээтен бери 38 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
БИШКЕК, 17-июл. – Sputnik. Бир сутка ичинде 1 364 адамдан коронавирус аныкталып, 1 135 киши айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
Жуктургандар:
  • Бишкек шаары – 778;
  • Ош шаары – 33;
  • Чүй облусу – 205;
  • Ош облусу – 48;
  • Талас облусу – 24;
  • Нарын – 24;
  • Ысык-Көл – 51;
  • Жалал-Абад облусу – 85;
  • Баткен облусу – 116.
Кыргызстанда жалпысынан коронавирус 147 656 кишиден табылып, 124 058 адам илдетти жеңди.
Айыккандар:
  • Бишкек шаары – 647;
  • Ош шаары – 106;
  • Чүй облусу – 155;
  • Ош облусу – 37;
  • Талас облусу – 19;
  • Нарын облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 61;
  • Баткен облусу – 95.
Кечээтен бери коронавирус 11 адамдын өмүрүн алган. Өлүм учурунун алтоо Бишкекте катталса, Баткенде үч киши көз жумду. Калган эки бейтап Нарын менен Жалал-Абаддын тургундары болгон. Буларды кошкондо пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 2 165 киши коронавирустун курмандыгы болду.
Бүгүнкү күндө стационарда 4 763 адам коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинен 200 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Кечээтен бери 38 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0