Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында өткөн көчмө кеңешмеде Асман экологиялык таза шаар долбоорун ишке ашыруу талкууланды

Ысык-Көлгө "Асман" шаарын куруу: жумушчу топ Тору-Айгырда кеңешме өткөрдү

343
(жаңыланган 16:06 17.07.2021)
"Асман экологиялык таза шаарын" 4 миң гектар жерге 500 миң кишинин туруктуу жашоосуна ылайыктап куруу пландалган.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында өткөн көчмө кеңешмеде "Асман экологиялык таза шаар" долбоорун ишке ашыруу талкууланды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

  • Схема проекта Экологически чистый город Асман
    Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында өткөн көчмө кеңешмеде "Асман экологиялык таза шаар" долбоорун ишке ашыруу талкууланды
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  •  В селе Тору-Айгыр в Иссык-Кульской области состоялось выездное совещание Межведомственной рабочей группы по разработке проектных решений в рамках реализации проекта Экологически чистый город Асман
    Аталган жыйынга бүгүн мамлекет башчынын кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында долбоорду ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ катышкан
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Местность в Иссык-Кульской области, где планируется строительство проекта Экологически чистый город Асман
    Аткарылган иштердин жыйынтыгында шаар куруунун долбоордук документтеринин толук пакети менен жыйынтыктоочу координациялык план министрлер кабинетине киргизилет
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Местность в Иссык-Кульской области, где планируется строительство проекта Экологически чистый город Асман
    "Асман экологиялык таза шаарын" 4 миң гектар жерге 500 миң кишинин туруктуу жашоосуна ылайыктап куруу пландалган.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 4
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында өткөн көчмө кеңешмеде "Асман экологиялык таза шаар" долбоорун ишке ашыруу талкууланды

Аталган жыйынга бүгүн мамлекет башчынын кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында долбоорду ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ катышкан.

Топтун курамына Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов (топтун жетекчиси), айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов жана ишке тартылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

"Ведомстволор аралык жумушчу топ жаңы шаар куруу мүмкүнчүлүктөрүнө баа берет, ушул сыяктуу эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбаларын иликтейт. Ошондой эле пилоттук долбоордун концепциясы менен экологиялык критерийлерин иштеп чыгуу боюнча изилдөө багыттарынын тизмеси даярдалат", — деп жазылган билдирүүдө.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында шаар куруунун долбоордук документтеринин толук пакети менен жыйынтыктоочу координациялык план министрлер кабинетине киргизилет.

"Асман экологиялык таза шаарын" 4 миң гектар жерге 500 миң кишинин туруктуу жашоосуна ылайыктап куруу пландалган.

343
Белгилер:
Равшанбек Сабиров, кеңешме, шаар, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Ысык-Көлгө экологиялык өзгөчө шаар курулат. Эскизинин видеосу
Бишкекти бошотуш керек. Марипов жаңы шаар куруу идеясын сунуштады
Түрк компаниясы Бишкекке монорельс курууну пландап, жерлерди көрүп чыкты

Кудум кинодогудай! Кытайдагы шаарды кум каптаган видео

139
Асмандын дээрлик жартысын ээлегендей элес калтырган кум бороон Кытайдын Ганьсу провинциясы менен Цзюцюань шаарын бир нече мүнөттөрдө эле аралап кеткен.

Окуяга күбө болгондор жаратылыштын бул кубулушун видеого тартып, социалдык тармакка таратып жиберген. Кадрдагы көрүнүш киши коркутпай койбойт.

Асмандын бетин бербей уюлгуган кум менен чаң шаарды тез эле басып калган. Маалыматтарда анын 10 мүнөт ичинде калаанын бир топ аймагын каптаганы айтылат.

Синьхуа агенттиги жол кыймылы буулуп, бир нече метрден кийин жол көрүнбөй калганын жазды.

Бактыга жараша, жаратылыштын бул кубулушунан адамдар жабыркаган эмес. Окумуштуулар мындай көрүнүш күн абдан ысыганда пайда болорун айтышкан.

139
Белгилер:
кыймыл, кино, бороон, кум, Кытай
Тема боюнча
Индияда суу астындагы жер көтөрүлүп, элди чочутту. Видео
Жүрөк үшүн алат! Чаңдуу бороон Казакстандын райондорун каптаган видео
Шайлоо участогундагы киши. Архив

Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясынын жеңиши жокко чыгарылды

205
(жаңыланган 21:56 26.07.2021)
БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталганын билдирди.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Ош шаардык кеңешине өткөн "Биздин Кыргызстан" партиясы жарыштан четтетилди. Мындай чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

БШКнын жумушчу тобу аталган партия шайлоо өнөктүгү маалында добуш сатып алганы аныкталды деп билдирип, андан улам "Биздин Кыргызстан" саясий бирикмесин жарыштан четтетүүнү сунуштады. Ал эми БШКнын мүчөлөрү жумушчу топтун чыгарган корутундусун колдоду.

"Биздин Кыргызстан" партиясы шаардык кеңешке кайра шайлоонун алдында түзүлгөн. Жетекчиси Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов.

11-июлдагы шайлоодо Ош шаарында 32 пайыздан ашыгыраак добуш менен экинчи орунду ээлеген. Ал эми Бишкекте 7 пайыздык босогого бир аз жетпей калган.

205
Белгилер:
шаардык кеңеш, жыйынтык, четтетүү, шайлоо, саясый партия
Тема:
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайрадан өтө турчу шайлоо
Тема боюнча
Атамбаевдин уулу, ырчы жана бизнесмендер. Бишкекте кимдер мандатка жетти
БШК Бишкек шаардык кеңештин кайрадан өткөн шайлоосун тааныды
Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов. Архив

Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин директору Крымдын туруктуу өкүлү менен жолукту

0
Жолугушууда Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланган.

БИШКЕК, 26-июл. — Sputnik. Кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Болот Дүйшөналиев Крым Республикасынын туруктуу өкүлү Георгий Мурадов менен жолукту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн маалымат кызматы билдирди.

"Жолугушууда Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык процессинин алкагында Кыргызстан менен Крымдын ортосундагы ишкердик жана коомдук байланыштарды кеңейтүү мүмкүнчүлүгү талкууланды.  Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн коомдук палатасын түзүүнүн келечеги тууралуу кеп болду", — деп айтылган маалыматта. 

Андан сырткары Крым менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн региондорунун активдүү кызматташуусун өнүктүрүүдө жаралган тоскоолдуктарды анализдөө темасына көңүл бурулган.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Крым, жолугушуу, Евразиялык экономикалык биримдик
Тема боюнча
ЕЭК менен Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюму маанилүү документке кол койду