Баланын ЖОЖдогу окуусуна акчаны канча жыл мурда чогулта баштоо керек

© AFP / STEPHANE DE SAKUTINСтудент сабак учурунда. Архив
Студент сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, учурда көпчүлүк ата-энелер чогултуу үчүн каражатын банктарга депозит катары салышат. Мындан тышкары, айрым өлкөлөрдө аз-аздан баалуу кагаздарды сатып алып турушат.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кийин баласын университетте кыйналбай окутам деген ата-эне 7-10 жыл мурда акча чогулта башташы керек. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине инвестициялык стратегиялар боюнча адис Александр Бахтин билдирди.
"Акча топтоого убакыт канча көп болсо, ошончолук жакшы. Бала кенже класстарда окуп жүргөндө эле банкта эсеп ачып, көп болбосо дагы аз-аздан, бирок үзгүлтүксүз салып туруу керек. 10 жыл ичинде университеттин акчасын толугу менен жаппаса дагы бир топ каражат чогулуп калат", — деди адис.
Анын айтымында, учурда көпчүлүк ата-энелер чогултуу үчүн каражатын банктарга депозит катары салышат. Мындан тышкары, айрым өлкөлөрдө аз-аздан баалуу кагаздарды сатып алып турушат.
Сөзүнүн аягында адис баланын билим алуусу үчүн колдон келсе насыя албай эле койгон туура экенин кошумчалады.
Баса, буга чейин Sputnik агенттиги акчаны кайда салып, кантип көбөйтсө болору тууралуу макала даярдаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0