Коронавирус жуктургандарды кабыл алган ооруканалар. Бош орундардын саны

© Sputnik / Ростислав Нетисов / Медиабанкка өтүүРабота врачей в "красной зоне" Новосибирской областной клинической больницы
Работа врачей в красной зоне Новосибирской областной клинической больницы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Жазылуу
Ордо калаада жана Чүйдүн шаарга жакын жерлеринде COVID-19 жуктургандарды дарылоо үчүн жалпысынан 19 оорукана даярдалган. Акыркы маалыматтар боюнча, анын үчөөндө бош орун жок.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бишкек менен Чүйдүн чет жакаларында коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн 16 ооруканада 372 орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жалпысынан 19 оорукана даярдалган. 17-июль саат 8:00гө карата, 16сында бош орун бар. Ал эми медициналык үч жайда орун калбай калган.
Бош оруну бар ооруканалардын тизмеси:
  • Улуттук хирургия борбору — 29;
  • Республикалык клиникалык инфекциялык оорукана — 10;
  • № 2 клиникалык төрөт үйү — 12;
  • Чүй облустук бириктирилген оорукана — 7;
  • Улуттук госпиталдын Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн бөлүмү — 35;
  • Улуттук онкология жана гематология борбору — 14;
  • Улуттук госпиталь. Урология корпусу — 13;
  • Улуттук госпиталь (мобилдик госпиталь) — 10;
  • Наркология боюнча улуттук борбор — 38;
  • Аскердик госпиталь — 12;
  • Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институту (Воронцовка айылы) — 114;
  • Улуттук госпиталь (Нейрокорпус) – 17;
  • Дайыр Асанов атындагы кыргыз улуттук аскер лицейи — 8;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 35.
  • КММА Фтизиатрия борбору (№6 жатакана) — 15.
Өткөн суткада Кыргызстанда 1 373 кишиден коронавирус табылып, 10 бейтап көз жумду.
Жаңылыктар түрмөгү
0