Бишкекте коронавируска каршы эмдөө иштери. Архивдик сүрөт

Кыргызстанда коронавируска каршы эмделген кишилердин саны 222 миңден ашты

129
COVID-19га каршы эмделгендердин басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 8 767си Ош облусунда.  Мындан сырткары, Ысык-Көл менен Жалал-Абадда да вакцина сайдыргандар көп.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 221 817ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Бир сутка ичинде өлкөдө 21 120 адам эмделген. Жалпысынан 18-июлга карата 221 817 кыргызстандык вакцина алса, анын ичинен 95 328и экинчи дозасы менен эмделген.

Облустар боюнча вакцина алгандардын саны:

  • Бишкек шаары – 53 352;
  • Ош шаары – 17 861;
  • Чүй облусу – 27 193;
  • Ош облусу – 48 271;
  • Ысык-Көл облусу – 19 235;
  • Талас облусу – 8 201;
  • Нарын облусу – 8 547;
  • Жалал-Абад облусу – 28 914;
  • Баткен облусу – 10 243.

Бир сутка ичинде Кыргызстанда 1 373 кишиден коронавирус табылып, 10 бейтап көз жумду.

129
Белгилер:
ден соолук, вакцина, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (188)
Тема боюнча
Өзбекстанда COVID-19га каршы милдеттүү түрдө эмделет. Кимдерге тиешелүү
Үйүндө беткап кийген аял. Архивдик сүрөт

COVID 20 пайыздан ашык кыргызстандыктардын психологиясына терс таасир этти

7
Коронавирус көбүнесе Ош шаары менен Талас облусунун тургундарын тынчсыздандырган. Ал эми Нарын, Ысык-Көл жана баткендиктер аны жеңилирээк кабыл алган.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. COVID-19 күч алып жаткан учурда өлкө элинин 20 пайыздан ашыгынын эмоционалдык абалы начарлаган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

"Уйкунун бузулуусу, тынчсыздануу, маанайдын чөгүшү, жакын адамдар менен талашып-тартышып, пикир келишпестиктердин пайда болушу сыяктуу көйгөйлөр шаарда жашаган ар бир төртүнчү үй-бүлөдө, айылда жашаган ар бир алтынчы үй-бүлөдө кезиккен", — деп айтылат билдирүүдө.

Психологиялык жактан кыйналуу көбүнесе Ош шаары (38 пайыз) менен Талас облусунун (29,4 пайыз) тургундарында кездешкен.

"Ошол эле учурда Нарын (1,9 пайыз), Ысык-Көл (4,4 пайыз) жана Баткен (5,9 пайыз) облустарынын жашоочулары вирус тарап жаткан учурда көп тынчсызданган эмес", — деп айтылган Статком тараткан маалыматта.

Бул боюнча сурамжылоону Улуттук статистика комитети 2020-жылдын ноябрь, декабрь айларында жүргүзгөн.

7
Белгилер:
коронавирус, психология, сурамжылоо, калк, Кыргызстан
Тема боюнча
COVID-19дун курч фазасынан өткөн адам кандай кыйынчылыкка туш болот
Кант диабети барлар COVID-19га каршы кандай учурда эмделиши керек
Индияда дарбыз саткан сатуучу. Архивдик сүрөт

Индияда көчөдө соода кылган 250 адам миллионер болуп чыкты. Жашырган сыр ачылды

50
Айрымдары байлыгын жашырып, мүлктөрүн туугандарына каттатып алса, кээ бирөөлөр түрдүү схемаларды пайдаланышкан.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Индиянын Канпуре шаарында 250 миллионер салык төлөөдөн качып, көчө соодагери сымал жүргөн. Бул тууралуу "Популярная механика" басылмасы жазып чыкты. 

Арасында мөмө-жемиш саткан, аптека күркөсүнө ээлик кылган, эски буюмдарды чогулткандары бар. Алар мындай ыкма менен көп жылдар бою салык төлөбөй келишкен.

Салыкчылар белгилегендей, байлыгын жашыргандар жалпысынан 37,5 миллион рупий (487 миң доллар) топтоп, аны кыймылсыз мүлк алууга гана сарпташкан. Маалым болгондой, айрым темир чогулткандар үчтөн автоунаанын ээси болуп чыккан. Көпчүлүгүндө гектарлаган айыл чарба жерлери бар экени аныкталды.

Бул миллионерлер салык органдарында байлыгын жашыргандарды аныктоого жардам берген чоң маалымат программасы болгонго чейин мүлктөрүн катып келишкен. Бери дегенде азык-түлүк саткан 65 дүкөндүн ээлери жана фармацевттер бизнестерин каттаткан эмес. Айрымдары байлыгын жашырып, сатып алынган мүлктөрдү үй-бүлө мүчөсүнө жаздырса, кээ бирлери түрдүү схемаларды пайдаланган.

50
Белгилер:
мүлк, байлык, салык, Индия
Тема боюнча
Декларация тапшырбаган кызматкерлердин тизмеси жарыяланды