Медик бейтаптын температурасын текшерүүдө. Архивдик сүрөт

COVID-19дун жеңил түрү менен ооругандарда канча антитела болот. Адистин пикири

488
(жаңыланган 18:54 23.07.2021)
Дарыгерлер менен окумуштуулар адам организминдеги антителаны көбөйтүш үчүн COVID-19га каршы вакцина сайдырууну сунуштап келет.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Адам COVID-19дун жеңил түрү менен ооруганда антитела бир жылга чейин сакталышы мүмкүн. Бул туурасында "Известия" швед окумуштууларынын пикирине таянып жазды.

Бул жаатта алар 2020-жылы атайын изилдөө баштаган. Анда адистер коронавируска чалдыгып, дарыланып жаткан 100 кишинин жана ооруканада иштеген эки миңге чукул медицина кызматкерлеринин канын текшерүүгө алышкан. Изилдөөнүн жыйынтыгы антитела адамдын организминде бир жылга чейин сакталарын көрсөткөн.

Адистер, мындан сырткары, антителалардын Европада бул күндөрү жайылып жаткан коронавирустун жаңы штаммы менен күрөшүүгө жөндөмдүү экени аныкташкан. Дарыгерлер бул илдетке каршы вакцина алуунун зарылдыгын эскертишкен. Алардын пикиринде, эмдөөдөн кийин коронавирус менен ооругандардын антителасы бир топ жогорулайт.

488
Белгилер:
коронавирус, штамм, антитело, окумуштуулар
Тема:
Коронавируска каршы эмдөө (212)
Тема боюнча
Өзбекстанда COVID-19га каршы милдеттүү түрдө эмделет. Кимдерге тиешелүү
Кыргызбаев: вакцина алып ооруп калгандар жарым жылдан кийин кайра эмделет
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер эмдөөдөн милдеттүү түрдө өткөрүлмөкчү
Спортчу Айсулуу Тыныбекова

Кыргызстандык балбан кыздар Олимпиададан эки медаль менен кайтты. Сүрөт

55
(жаңыланган 18:33 05.08.2021)
Тыныбекова кыргызстандыктарга ыраазычылыгын билдирип, машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн жарыялаган.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Олимпиада-2020 мелдешиндеги сапары карыды. Бул тууралуу спортчу Айсулуу Тыныбекова Facebook баракчасы аркылуу билдирди.

"Күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Олимпиада оюндарындагы мелдештери аягына чыкты. Бардыгыңыздарга колдооңуздар жана сүйүүңүздөр үчүн ыраазычылык билдиребиз", — деп жазган спортчу.

Кыргызстандык балбан машыктыруучулары жана спортчу кыздар менен Токиодо түшкөн сүрөттөрүн да жарыялаган.

Эске салсак, Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен балбан кыз Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынса, Мээрим Жуманазарова коло байге жеңген.

55
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, күрөш, балбан, олимпиада, сүрөт
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Олимпиададан утмайын турмушка чыкпайм деген. Айсулуу тууралуу 10 факт
Кылкылдап, аянтка батпай. Айсулуунун мелдешин көрүүгө чогулган элдин сүрөтү
Бангладештик Рафид Ясардын Бактылуу фермер сүрөтү. Архив

Стенин атындагы сынакта онлайн добуш берүү боюнча жеңүүчү аныкталды

12
(жаңыланган 18:37 05.08.2021)
Сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, бүгүнкү күндөгү фотожурналистиканын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын баштапкы жыйынтыгы чыгып, интернет-колдонуучулардын сүймөнчүгүнө бангладештик Рафид Ясар ээ болду. Ал сынакка "Бактылуу фермер" аттуу эмгегин жөнөткөн.

Сүрөттө түстүү капустанын түшүмүн жыйнап, ага кубанып турган фермер көрсөтүлгөн. Бул кадрга интернет-колдонуучулардын дээрлик 25 пайызы "мыкты" деп добуш берген. Сүрөтчү элдин ишеними ага күч берип, өзү кыялданып жүргөн режиссерлук кесипке жетем деп ишенүүдө.

Фотография Счастливый фермер Рафида Ясара из Бангладеша признана лучшим снимком на международном конкурсе фотожурналистики имени Андрея Стенина
© Фото / Stenincontest / Рафид Ясар
Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын баштапкы жыйынтыгы чыгып, интернет-колдонуучулардын сүймөнчүгүнө бангладештик Рафид Ясар ээ болду. Ал сынакка "Бактылуу фермер" аттуу эмгегин жөнөткөн
"Элдик добуш берүү гран-при эмес экенин түшүнөм. Бирок ар бир добуш - мен үчүн сыймык. Бул сынакта менчелик жеңишке жеткиси келген адам барбы, билбейм. Эң күчтүүсү жеңсин", — деди ал. 

Сентябрь айынын аягында Стенин атындагы сынактын жыйынтыгы чыгып, гран-при тапшыруу аземи онлайн-форматта өтөт. Уюштуруучулар жылдын соңуна чейин жеңүүчүлөрдүн эмгектерин дүйнөлүк турнеге алып чыгууну пландоодо.

Сынак тууралуу

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги негиздеп, Россиянын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын колдоосу менен өтүп келген Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын максаты — жаш фотографтарды колдоо, бүгүнкү күндөгү фотожурналистиканын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул таланттуу, сезимтал, алдыга умтулган жаш сүрөтчүлөр үчүн мыкты аянтча.

Быйыл башкы маалыматтык өнөктөш Вести.Ru порталы, "Россия-Культура" жана "Москва 24" телеканалдары болду.

Ошондой эле Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, Askanews маалымат агенттиги, Independent Media медиахолдинги, ANA маалымат агенттиги, RT телеканалы жана порталы, Shanghai United Media Group (SUMG), China Daily гезитинин интернет-порталы, The Paper интернет-порталы, Al Mayadeen медиатүйүнү, Prensa Latina, DBW интернет-порталы жана Telam маалымат агенттиги өнөктөш болду.

12
Белгилер:
Россия, сүрөт, сынак, жыйынтык, жеңүүчү
Тема боюнча
Көргөнгө татыйт! Стенин атындагы сынактагы эң мыкты эмгектер