Смартфонго көп үңүлгөндөрдүн көзү кургап, иммунитети төмөндөйт

© Photo / Pixabay / simardfrancoisНаказание за распространение фейковой информации в КР
Наказание за распространение фейковой информации в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.07.2021
Жазылуу
Экран алдында өтө көп отуруу көздү ирмегенге тоскоолдук жаратып, натыйжада керектүү өлчөмдө нымдашпай калат.
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Смартфон же компьютерди эс албай узак убакыт колдонуу адамдын иммунитетин төмөндөтүп, вирустук инфекцияларга жол ачкан көздүн кургактыгы синдромунун өрчүшүнө алып келет. Бул туурасында врач-офтальмолог, медицина илимдеринин доктору Игорь Азнаурян Sputnik радиосуна берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, экран алдында өтө көп отуруу көздү ирмегенге тоскоолдук жаратып, натыйжада керектүү өлчөмдө нымдашпай калат. Эгер адам мындай абалда көпкө отурса, көз бездери керектүү өлчөмдө нымдуулукту бөлүп чыгара албай калат да, көздүн кургактыгы синдрому пайда болот.
"Көздүн чел кабыгы кургап баратканда бездер нымдуулукту иштеп чыгарат, ал эми ирмегенде нымдашат. Биз экранды караганда көз ирмебей кызыгуу менен окуйбуз, ойнойбуз, көрөбүз жана башка... Ошол учурда көзүбүз кургап, бирок биз ага реакция кылбайбыз. Анын натыйжасында көздүн кургактыгы синдрому өрчүй баштайт", — деп айткан офтальмолог.
Ал эми көздүн кургашы адамдын иммунитетин төмөндөтүп организмге вирустун киришине жол ачарын белгилеген. Андыктан компьютер же смартфонду көп тиктегенде ооруну алдын алуу үчүн көзгө атайын тамчылатуучу дарыларды колдонууну сунуштайт. Ал көздүн бездериндей нымдуулук чыгара албаса дагы жардам тийгизери айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0