Коронавирустан 11 адам каза тапты. 19-июлдагы статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер ооруканада бейтап менен
Медициналык кызматкер ооруканада бейтап менен - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Жазылуу
Учурда өлкөдөгү ооруканаларда беш миңге чукул киши дарыланууда. Алардын 1430у оор, ал эми 195и өтө оор абалда жатат.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде COVID-19дан 1 289 адам сакайып, 1 287 киши оору жуктуруп алды. Тилекке каршы, 11 адам кайтыш болду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Айыккандар, пневмонияны эске алганда:
  • Бишкек — 856;
  • Ош шаары — 89;
  • Чүй облусу — 158;
  • Ош облусу — 20;
  • Талас облусу — 6;
  • Нарын облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 3;
  • Жалал-Абад облусу — 56;
  • Баткен облусу — 98.
Жалпы 126 450 бейтап сакайган.
Жуктургандар:
  • Бишкек — 917;
  • Ош шаары — 19;
  • Чүй облусу — 96;
  • Ош облусу — 11;
  • Талас облусу — 20;
  • Нарын облусу — 11;
  • Ысык-Көл облусу — 48;
  • Жалал-Абад облусу — 48;
  • Баткен облусу — 117.
Пандемиядан бери расмий түрдө 150 316 адамдан оору чыкты. Акыркы бир сутка ичинде 11 киши каза болду. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Ысык-Көлдө жана Ош шаарында, Чүй, Талас облустарында бирден бейтап дарыланып жаткан. Коронавирус ушуну менен 2 186 кишинин өмүрүн алды.
Учурда стационарда 4 704 бейтап дарыланууда. Алардын 46сы канааттандырарлык, 3 033ү орто, 1 430у оор, ал эми 195и өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда болсо 15 753 бейтап жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0