Министрлик: тажик студенттерине кысым болгон эмес, жардам берилген

© AFP / CHARLY TRIBALLEAUСтуденттер сабак учурунда. Архив
Студенттер сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Жазылуу
Эпидемиялык абалга байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк ЖОЖдорунда аралыктан билим берүү технологиясын колдонуу менен окуу онлайн-режимде жүргүзүлгөн.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстанда билим алып жаткан тажикстандык студенттерге эч кандай куугунтук болгон эмес. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, буга чейин коңшу мамлекеттин билим берүү жана илим министри Махмадюсуф Иномзода Кыргызстандын жогорку окуу жайларында билим алып жаткан Тажикстандын жарандарына куугунтук болуп жатканын айткан.
"2020-2021-окуу жылында Кыргызстандын жогорку окуу жайларында Тажикстандын 1 932 жараны билим алган. Алар окуган университеттерден апрель айынан азыркы күнгө чейин тажикстандык студенттерге карата кысым болгону тууралуу министрликке эч кандай арыз-даттануу түшкөн жок. Тескерисинче, тажик-кыргыз чек ара чыры учурунда Кыргызстандын окуу жайлары тажикстандык студенттерге зарыл болгон жардамдын бардыгын көрсөткөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик эпидемиялык абалга байланыштуу өлкөнүн көпчүлүк ЖОЖдорунда аралыктан билим берүү технологиясын колдонуу менен окуулар онлайн-режимде жүргүзүлүп жатканын эскертип, учурда бардык студенттер каникулда экенин маалымдады.
Жаңылыктар түрмөгү
0