Аскер-деңиз парады. Архив

Бишкекте Аскер-деңиз флотунун күнү белгиленет

55
Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө Борбор Азиядагы жападан жалгыз вице-адмирал Марат Темировдун эстелигине гүл коюлуп, куран окулат.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Жекшемби, 25-июль күнү, Бишкекте Аскер-деңиз флотунун күнү белгиленет. Бул тууралуу "СССРдин Аскер-деңиз флотунун кыргызстандык аскер моряктары" коомдук бирикмесинен билдиришти.

Бул күнгө карата Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүндө Борбор Азиядагы жападан жалгыз вице-адмирал Марат Темировдун эстелигине гүл коюлуп, куран окулат. Иш-чарага демилгечилер менен кошо адмиралдын туугандары катышат.

Андан ары Аскер-деңиз флотунун туусу көтөрүлөт. Жеңиш аянтындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эстелигине гүлчамбарлар коюлат.

Иш-чарага Россия федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинен өкүлдөр, Бишкек мэринин милдетин аткаруучу жана президенттин Чүй облусундагы өкүлү чакырылган.

55
Белгилер:
аскер-деңиз флоту, эскерүү, Бишкек
Тема боюнча
Австрияда согуш маалында кыргыздар туткундалган жерге эстелик коюлду. Видео
Эркек адам. Архив

Өзү 50 жашта. Жапжаш көрүнгөн Британия тургуну сыры менен бөлүштү

33
Жигиттей көрүнгөн киши жумасына үч ирет спорт залга бара турганын айткан. Ошондой эле ал эти жок тамактарды гана жеп, кумшекер, ичимдиктен баш тарткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Улуу Британиянын 25теги жигиттей көрүнгөн 50 жаштагы тургуну Тристан Ли жаштык сыры менен бөлүштү. Бул тууралуу The Daily Mail басылмасы жазды.

Ли 35 жылдан бери терисине жакшылап кам көрө турганын айтып, ошол себептен жаш көрүнөрүн белгилеген. Тристан туура тамактанып, терини жумшартуучу жана күндөн сактаган кремдердин сапаттуусун колдонорун да кошумчалаган.

"Териге кам көрүүдө табигый каражаттарды колдоном жана буга көп деле каражат жумшабайм. Жыты жок каражаттарды табууга аракет кылам. Анткени өтө жыттуулар терини дүүлүктүрүп жибериши ыктымал", — деди ал.

Мындан сырткары, ал күндө жарым сааттык сейилдөөгө чыгып, жумасына үч ирет спорт залга бара турганын айткан. Эти жок тамактарды гана жеп, кумшекер, ичимдиктен баш тарткан.

"Мен абдан жаш көрүнгөндүктөн улгайып калган адамдар кантип баарлашууну билбей, ыңгайсыз боло беришет. Ошол эле учурда канчада экенимди билген жаштар да кыйналат. Ошол себептен баары жакшы эмес", — деген Ли.

Ли сырткы келбетинен улам айрымдар аны алдамчы деп ойлой турганын кошумчалаган.

33
Белгилер:
Улуу Британия, жаштык, жигит
Тема боюнча
Төрөттөн кийин дароо 40 килограммга арыктаган аял сыры менен бөлүштү
Бишкектеги киберспорттук мелдештин катышуучулары. Архив

Бишкекте киберспорттук мелдеш өтөт. Жеңүүчүлөр дүйнө чемпионатына катышат

45
(жаңыланган 15:26 05.08.2021)
Кыргызстандыктарга өз өлкөсүн эл аралык аренада даңазалоого жана квалификациялык мелдеште байгелүү орундарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Бишкекте киберспорттун төрт түрүнөн IESF World Championship 2021 дүйнөлүк мелдешке тандап алуу боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Компьютердик спорт федерациясы билдирди.

Тандоо турунун жалпы байге фонду 82 миң сом. Кыргызстандыктар үчүн ачык болгон мелдеш аталган оюндун CSGO (14-август), DOTA 2 (15-август), Tekken 7 жана PES 2020 (22-август) түрлөрүнөн болот.

Спорттук федерация өзүнүн расмий сайтына командалардын катталуусу үчүн шилтемелерди жана байге фонду, демөөрчүлөр, мелдеш өтүүчү жайдын дареги тууралуу маалыматтарды чыгарды. Мелдештин шарттары тууралуу төмөнкү шилтемеден кенен маалымат алууга болот.

Оюндун ар бир түрү боюнча жеңүүчүсү өз өлкөсүнүн атынан дүйнө чемпионатына катышат.

Эл аралык киберспорт федерациясы жыл сайын IESF World Championship мелдешин өткөрүп келет. Ал эми улуттук федерациялар тандоо оюндарын уюштуруп, мыктыларды тандап, курама команда түзүшөт. Быйыл дүйнөлүк биринчилик Израилде өтөт. Ага 106 өлкөнүн киберспортчулары катышары күтүлүүдө.

45
Белгилер:
Кыргызстан, киберспорт, мелдеш, Компьютердик спорт федерациясы
Тема боюнча
Турусбеков: өлкөдө компьютердик жана мобилдик оюн индустриясы өнүгүүдө
Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов. Архив

Төрага Мамытов жана депутаттар Ирандын президентинин инаугурациясына катышты

0
(жаңыланган 16:32 05.08.2021)
Спикер ирандык кесиптешине Кыргызстанда болуп өткөн саясий процесстер тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңештин жаңы курамы октябрда шайланарын айткан.

БИШКЕК, 5-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жана депутаттар Каныбек Иманалиев, Замирбек Эсенаманов Тегеранда Ирандын президенти аятолла Сейед Эбрахим Раисинин инаугурациясынын расмий салтанатына катышты. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Анын алкагында Мамытов Ирандын Ислам Кеңеши межлисинин төрагасы Мохаммад Багер Галибаф менен жолугушкан.

"Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришип, туризм, инвестициялар, медициналык туризм, инженердик-техникалык кызматтар жана башка чөйрөдөгү кызматташтыктын перспективаларын талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле спикер чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын элин жаңы мамлекет башчысын ийгиликтүү шайлап алышы менен куттуктады. Андан соң ал Кыргызстанда болуп өткөн саясий процесстер тууралуу маалымат берип, Жогорку Кеңештин жаңы курамы быйыл октябрда шайланарын билдирди.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Бизде да, сиздерде да саясий процесстер активдүү өнүгүп жатат, бирок, муну менен катар эле соода-экономикалык мамилелерибизди да өнүктүрүүгө тийишпиз. Тилеке каршы, пандемия көп пландарыбызды ишке ашырууга жолтоо болду. Учурда биздин өлкөлөрдүн темир жол уюмдары Түркмөнстан жана Өзбекстан менен бирдикте кызматташууну баштады. Ал Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө түрткү берет", — деп айткан Мамытов.

Ирандык кесиптеши анын сөзүн кубаттап, чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Иш сапардын алкагында ЖК төрагасы Ирандын жетекчилери, ошондой эле инаугуруацияга келген чет элдик делегациялардын башчылары менен дагы жолугары пландалууда.

0
Белгилер:
Иран, инаугурация, Талант Мамытов, спикер, депутат, жолугушуу
Тема боюнча
Босого 5%, аялдардын квотасын азайтуу. Парламент жаңы шайлоо мыйзамын колдоду