Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкекте Курман айттын урматына майрамдык намаз. Архив
Бишкекте Курман айттын урматына майрамдык намаз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Жазылуу
Шейшембиге караган түнү жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Эртең, 20-июлда, күндүз тоолуу райондордо жана дыйканчылык аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +31...+36, Таласта +28...+33, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +31...+36, Ысык-Көлдө +23...+28, ал эми Нарын жергесинде +21...+26 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +34...+36, Ош шаарында +32...+34, ал эми Чолпон-Атада +23...+25 градуска көтөрүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0