2100-жылы Кыргызстанда канча киши жашайт? БУУнун божомолу

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкектеги Чүй проспектиси менен Абрахманов көчөсүнүн кесилиши
Бишкектеги Чүй проспектиси менен Абрахманов көчөсүнүн кесилиши - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.07.2021
Жазылуу
Калкынын саны өскөн көрсөткүч боюнча мурдагы СССРден тараган мамлекеттердин ичинен Тажикстан лидер болот. Кошуна өлкөнүн элинин саны 172 пайызга өсөрүн адистер белгилешет.
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. 2100-жылы Кыргызстандын калкы 71 пайызга көбөйөт. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматтарына таянып "Sputnik Ближнее зарубежье" Telegram-каналына жазды.
Уюмдун божомолуна ылайык, 2100-жылы Молдова, Украина жана Литва өлкөлөрүнүн калкынын саны эки эсеге кыскарат.
Төрөт үйүндө жаңы төрөлгөн балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Кыргызстанда былтыр балдар аз төрөлүп, адам өлүмү көбөйдү. Статистика
Ал эми элинин саны өскөн көрсөткүч боюнча мурдагы СССРден тараган мамлекеттердин ичинен Тажикстан лидер болот. Кошуна өлкөнүн калкы 172 пайызга өсөрүн адистер белгилешет. Экинчи орунда Кыргызстан жайгашса (+71 пайыз), үчүнчү сапта Казакстан (+50 пайыз) болору болжолдонот.
БУУнун адистери Өзбекстандын калкы 28 пайызга өсөрүн болжогон. Беларусь менен Россияныкы, тескерисинче, бири 21 пайызга, экинчиси 14 пайызга азаят.
Кыргызстандын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, азыркы тапта өлкөнүн калкынын саны 6,6 миллионду түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0