Онколог жоон ичеги рагынын этибарга албаган белгиси тууралуу айтып берди

© Фото / Pexels / Sora ShimazakiКыз ашказанды кармап отурат. Иллюстративдик сүрөт
Кыз ашказанды кармап отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.07.2021
Жазылуу
Онколог бейтаптар көбүнчө белгини геморрой менен байланыштырып көңүл бурбай коёрун айтып, ооруну эрте аныктоо үчүн жыл сайын канга иммунохимиялык анализ тапшырып турууга кеңеш берди.
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Жоон ичеги рагынын алгачкы белгилерин кантип байкаса болорун РИА Новости дарыгер-колопроктолог Анатолий Недозимованыйга шилтеме кылып жазды.
Анын айтымында, илдет баштапкы баскычтарында дээрлик билинбейт. Бирок бул шишиктин өзгөчөлүгү — симптомдору ачык билингичекти маал-маалы менен канап турат. Онколог бейтаптар көбүнчө муну геморрой менен байланыштырып көңүл бурбай коёрун айткан.
"Болбосо ал жоон ичегидеги шишиктин эбак пайда болгонунан кабар берет", — деген Недозимованый.
Дарыгер ооруну эрте аныктоо үчүн жыл сайын канга иммунохимиялык анализ тапшырып турууга кеңеш берди. Эгер оң болуп чыкса фиброколоноскопия (ФКС) ыкмасы менен изилдөөдөн өтүү керек.
Жаңылыктар түрмөгү
0