Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Аруулуктун майрамы. Жапаровдун Курман айтка карата куттуктоосу

116
(жаңыланган 10:31 20.07.2021)
Өлкө башчы эгемен Кыргызстандын тарыхында ушуну менен экинчи жолу коронавирус илдетине байланыштуу Курман айт майрамы чектөөлөр менен коштолуп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы мамлекет жетекчиси Садыр Жапаровдун бүгүнкү курман айтка байланыштуу кыргызстандыктарды куттуктаган сөзүн таратты.

Төмөндө текст толугу менен берилет:

"Ассалому алейкум, ардактуу мусулман мекендештер!

Сиздерди Ислам дининин ыйык майрамдарынын бири Курман айт майрамы менен чын ыкластан куттуктайм.

Курман айт күнү мусулмандар таң эртеден тазаланып, жүздөрүн кыбылага буруп, айт намазын окушат, аруу дуба-тилектерин айтышат. Жаратканга жакындоо максатында курмандык чалып, жакындарына, кошуна-колоңдоруна жана муктаждарга таратышат. Ушул себептен Курман айт аруулуктун жана кайрымдуулуктун майрамы болуп саналат.

Тагдырдын буйругу экен, эгемен Кыргызстандын тарыхында ушуну менен экинчи жолу коронавирус илдетине байланыштуу Курман айт майрамы чектөөлөр менен коштолууда. Бул илдеттен көз жумган жарандарыбызды Жараткан өз мээримине алсын. Ооруп жаткандарга Алла-Таала шыпаасын берип, алардын тезирээк айыгып кетүүлөрүн тилек кылабыз. Учурдан пайдаланып бардык жарандарды өздөрүнүн жана айланасындагы адамдардын саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө жана ден соолукту бекемдөөгө чакырып кетмекчимин.

Күчтүү коом капилеттен келген ар кандай кыйынчылыктарга, сыноолорго жана өзгөрүүлөргө каршы даяр болушу керек. Үстүбүздөгү жыл ушундай сыноолор менен коштолсо да, биз бардыгын сабырдуулук, айкөлдүк жана туруктуулук менен жеңип, жаңы ийгиликтерге ишенимдүү кадам таштайбыз.

Кудай ар бир үйгө береке, ырыскы жана бакыт тартуулап, бизди ар кандай оору-сыркоолордон оолак кылсын!

Айтыбыз элибизге, жерибизге жана жалпы мусулман дүйнөсүнө маарек болуп, тынчтык, токчулук жана молчулук ыроолосун!

Жараткан Кыргызстаныбызды сактасын, баарыбызды кийинки Курман айтка чейин аман-эсен жеткирсин!

Оомийин!".

116
Белгилер:
коронавирус, чектөө, намаз, кайрымдуулук, куттуктоо, Курман айт майрамы, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Курман айт намазы аянттарда окулбай турган болду
Курман айттан улам 19-июль эс алуу күнү болуп, иш күн ишембиге жылды
Кагазга жазган аял. Архивдик сүрөт

Калкты тейлөө борборлорунан эми соттолбогондук боюнча справка алса болот

20
(жаңыланган 23:36 24.07.2021)
Буюртма берген справканы Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар боюнча башкы башкармалыгынан да алууга болот.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. 26-июлдан тарта Бишкектин Калкты тейлөө борборлору соттолбогондук тууралуу справка алуу үчүн арыздарды кабыл ала баштайт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Бул кызмат көрсөтүү баш калаанын калкты тейлөө борборлорунда арыз тапшыруунун жана арыз ээсинин убактысын үнөмдөөнүн эң ыңгайлуу жолу катары ишке ашырылууда. Жарандын соттолбогондугу тууралуу кагаз эң зарыл документ болуп саналат.

Толтурулган арыз ИИМге жөнөтүлүп, жети күндөн кийин күбөлүктү министрликтин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын Курманжан датка көчөсү, 115 дарегиндеги Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр борборунан алууга болот.

Эгерде справканы тез арада алуу зарыл болсо, анда аны бир же үч күндөн кийин акы төлөп алуу мүмкүнчүлүгү жаралды.

Бишкектин Калкты тейлөө борборлорунда "өзүн-өзү тейлөө" аймагы бар, анда жарандар ушул справкаларды алуу үчүн электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу кайрыла алышат. Башкача айтканда, ИИМдин башкармалыгына барып убаракерчилик тартышпайт. Ар бир адам өзү үчүн ыңгайлуу жагын тандай алат.

20
Белгилер:
ИИМ, справка, Калкты тейлөө борбору
Тема боюнча
Бишкектеги Калкты тейлөө борборлорунун тизмеси жана даректери
Чолпон-Атадагы пляж. Архивдик сүрөт

Мээ кайнаткан ысыктагы Чолпон-Ата, автотыгын, батпаган эл. Видео

178
(жаңыланган 23:40 24.07.2021)
Окурмандар күндүз көлдүн жээгинде бут коёрго жер жок экендигин, эс алуучулардын көптүгүнөн дүкөндөрдүн текчеси бошоп калып жаткандыгын билдиришти.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бүгүн окурмандар туристтик шаар Чолпон-Атада эс алуучулар абдан көп деп билдиришти.

Алардын айтымына караганда, Чолпон-Атада узун автотыгын жаралган. Кыргызстандын курорттук ири калааларынын бирине багыт алгандардын аягы көрүнбөйт.

Дагы бири элдин көп экендигин айткан. Эс алуучу борбор тараптын сүрөтүн, балдар аянтчаларындагы элдин көптүгүн тартып салып жиберген.

Окурмандар күндүз көлдүн жээгинде бут коёрго жер жок экендигин, эс алуучулардын көптүгүнөн дүкөндөрдүн текчеси бошоп калып жаткандыгын билдиришти.

Синоптиктер эртең Чолпон-Атада күндүн ысыктыгы +27…+29 градуска жетерин айтышты

178
Белгилер:
автотыгын, пляж, Ысык-Көл, Чолпон-Ата, Кыргызстан
Тема боюнча
Миллиондогон чыгым болуу коркунучунда. "Аврораны" Эсеп палатасы текшерди
Шахта. Архивдик сүрөт

Тажикстан: Исфарадагы көмүр шахтасында жарылуу болду, каза тапкандар бар

0
(жаңыланган 00:28 25.07.2021)
Алдын ала берилген маалыматта, бир адамдын көз жумуп, дагы сегиз кишинин жарадар болгону айтылды.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Тажикстандын Согду облусуна жакын жердеги Исфара көмүр шахтасында катуу жарылуу болгондугун Sputnik Тажикстан жазды. 

Кырсык Согду облусундагы Шураб аймагынын жанындагы кенде болгон.

"Шураб" шахтасындагы жарылуу газдын чыгышынан улам болгонун айтышты", — деди Исфара мэриясынын маалымат катчысы Зубайдулло Шомадов.

Алдын ала берилген маалыматка таянсак, бир адам каза таап, дагы сегиз киши жаракат алган.

Учурда кырсык болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар комитетинин кызматкерлери, куткаруучулар жана дарыгерлердин жүргөнү айтылды.

Шураб кени Тажикстандын түндүгүндөгү эң ири кендердин бири. Ал Түркстан кырка тоолорунун этегинде жайгашкан. Бул жерден алынган көмүрдү негизинен медициналык жана билим берүү жайлары колдонот. Бийликтин билдиргенине караганда, мындай кырсык ондогон жылдардан бери болгон эмес.

0
Белгилер:
жарылуу, шахта, көмүр, Тажикстан
Тема боюнча
Дубайда катуу жарылуу болду. Видео