Пляжда эс алган аял. Архивдик сүрөт

Кимдер аптаптан абайлашы керек. Адистин эскертүүсү

444
(жаңыланган 18:18 20.07.2021)
Аптаптуу аба адамдын организминде суунун азайышын шарттап, канды коюлтуп, тромбдорду пайда кылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Терчил адамдар жайкы аптапта ачык, күн катуу тийген жерде жүрбөшү керек. Бул туурасында РИА Новости Москванын Саламаттыкты сактоо департаментинин чоң адамдарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча башкы адис Андрей Тяжельниковго таянып билдирди.

"Ысыкта адамдын тердеши кадыресе эле көрүнүш. Муну менен организмде стресстик шартка ыңгайлашуу процесси жүрөт. Аны менен катар эле адаптация жаш куракка жана саламаттыкка да байланыштуу болорун эске ала жүргөн жакшы. Адам көп тердегенде организмде суунун азайып, ал кандын коюланышына, тромбдордун пайда болушуна жана туздун көп чыгышына алып келет", — деп билдирген Тяжельников.

Андыктан улгайган адамдар менен өнөкөт оорусу барлар ысыкта кыйналып, тобокелдикке көбүрөөк кабылат. Андыктан аба ырайынын өзгөрө тургандыгынан кабардар болгондон кийин дароо сактануу чараларын көрүү абзел.

Дарыгер негизи тердеген жакшы экендигин, ал 100 пайыз суудан турарын айтты. Муну менен катар эле ар кыл уулуу заттар да кошо чыгып кетет. Бирок мээ кайнаткан ысыкта, организмде суюктук азайып кетпеш үчүн сууну эгерде ден соолукка зыянын тийгизбесе, ылайыктап ичип туруу керек. Дарыгер адам тердегенде организмден бир күндө орто эсеп менен 1 литрге чукул суюктук чыгарын билдирди.

Ысыкта сууга чайынып туруу да маанилүү, себеби адамдан чыккан тер ар кыл патогендик бактерияларды көбөйтүп жиберүүгө жөндөмдүү.

Адис аптапта күндөн коргонуучу, ал эми көлөкөдө болгондо күнгө күйгөндөн кийинки каражаттарды колдонууга кеңеш берди. Адамдын терисиндеги тешикчелерди толтуруп, нымдуулукту бөлүп чыгарган майлуу кремдерден алыс болууну эскертти. Ал эми курамында спирти барлар терини кургатып жиберерин айтты.

444
Белгилер:
тери, кеңеш, адис, аптап
Тема боюнча
70 градус ысык! Кувейтте болуп көрбөгөндөй ысык болууда
ДССУ аптаптуу ысыкта ичпей турчу суусундуктарды атады
Такси. Архив

Бишкекке жакын жерде жүргүнчүлөр таксистке кол салып, ал бычак менен коргонгон

73
(жаңыланган 22:13 29.07.2021)
Милициянын маалыматы боюнча, эки жүргүнчү 58 жаштагы таксистке кол салган. Кийинчерээк шектүү катары 19 жана 29 жаштагы кишилер кармалган.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Аламүдүн районунда белгисиз адамдар таксистке кол салды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Милицияга 58 жаштагы К.А. аттуу адам кайрылып, такси кызматында иштерин айткан.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, 27-июлда ал "Ош" базарынан кардар салып, жүргүнчүлөр ГЭС-5 районуна жеткирүүнү суранышкан. Болжол менен саат 21:00дө такси көрсөтүлгөн жерге жеткенде автоунаанын артында отурган кардар таксистке кол салып, муунткан. Экинчиси автоунаанын ачкычы менен телефонун тартып алган. Бирок таксист автоунаасындагы бычакты алып, аны менен коргонуп, каракчылардын колунан бошонгон. Андан соң шектүүлөр качып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Жазык кодексинин 202-беренеси ("Каракчылык") боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, экспертиза дайындалган.

Милиция кызматкерлери шектүүлөрдү издеп, эки адамды колго түшүргөнү маалым болду. Алар 19 жаштагы Ш.Ж. жана 29 жаштагы Б.Н. аттуу кишилер болуп чыккан.

Азыркы тапта милиция кызматкерлери кармалгандардын бул ишке тиешеси бар-жогун текшерип жатканы айтылды. Колго түшүрүлгөндөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

73
Белгилер:
милиция, бычак, кол салуу, таксист
Тема боюнча
Бишкектеги батирлердин биринен 84 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды
Бишкекте жол кырсыгы болуп, бир киши көз жумду. Видео  
Депутаттар Бишкектеги ресторанда

Бүгүн төрага депутаттарга чай берип жатат. Ресторандан тартылган видео

1458
(жаңыланган 22:29 29.07.2021)
Быйылкы сессиянын жыйынтыкталганына байланыштуу Жогорку Кеңештин спикери сый тамак уюштурганы маалым болду.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга чай берип жатат.

ЖКнын VI чакырылышынын быйылкы сессиясынын жыйынтыкталганына байланыштуу спикердин сый тамак уюштурганы маалым болду.

  • Один из бишкекских ресторанов, где проходит банкет депутатов после завершения внеочередной сессии. 29 июля 2021 года
    Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга чай берип жатат
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
  • Автомобили депутатов в одном из бишкекских ресторанов после завершения внеочередной сессии. 29 июля 2021 года
    ЖКнын VI чакырылышынын быйылкы сессиясынын жыйынтыкталганына байланыштуу спикердин сый тамак уюштурганы маалым болду
    © Sputnik / Эламан Карымшаков
1 / 2
© Sputnik / Эламан Карымшаков
Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов депутаттарга чай берип жатат

Кабарчы жиберген кадрдан ресторандын алдына жолтандабастар толуп, депутаттар ичине кирип жатканын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, эл өкүлдөрү бүгүн кезексиз жыйындарын жыйынтыктап, каникулга тараган.

Мындан эки күн мурда депутаттарды президент Садыр Жапаров да сый тамакка чакырган эле.

1458
Белгилер:
сый тамак, спикер, депутат
Тема боюнча
Качып, жалтактап... Жапаровдун сый тамагына бараткан депутаттардын видеосу
ЖК депутаттары кезексиз жыйындарын аяктап, каникулга тарады