COVID 9 адамдын өмүрүн алып, миңден ашуун кишиге жукту. 21-июлдун маалыматы

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүЛечение больных с COVID-19 в ГКБ №52
Лечение больных с COVID-19 в ГКБ №52 - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Жазылуу
Өткөн суткада ооруну жеңе албай калгандардын бешөө Бишкекте, үчөө Чүйдө жана бирөө Нарында дарыланып жаткан.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 1 102 кишиге жугуп, тогуз бейтап көз жумду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Айыккандар:

  • Бишкек — 813;
  • Ош шаары — 84;
  • Чүй облусу — 122;
  • Ош облусу — 25;
  • Талас облусу — 5;
  • Нарын облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 8;
  • Жалал-Абад облусу — 63;
  • Баткен облусу — 88.

Жалпы 128 905 киши сакайды.

Жуктургандар:

  • Бишкек — 827;
  • Ош шаары — 10;
  • Чүй — 65;
  • Ош — 24;
  • Талас — 9;
  • Нарын — 12;
  • Ысык-Көл — 55;
  • Жалал-Абад — 20;
  • Баткен — 80.

Синьцзян-Уйгурский автономный район - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.07.2021
Адис: COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасынан кийин өзгөчө сактануу керек
Пандемиядан бери расмий түрдө коронавирус 152 709 адамдан чыкты.

Өткөн суткада тогуз адам ооруну жеңе албай калды. Алардын бешөө Бишкекте, үчөө Чүйдө жана бирөө Нарында дарыланып жаткан. Коронавирус ушуну менен 2 205 адамдын өмүрүн алды.

Стационарда 4 509 бейтап дарыланууда. Алардын 35и канааттандырарлык, 2 937си орточо, 1 305и оор жана 232си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 15 856 бейтап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0